Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:29

Керексизовдун орундалбай калган кыялы


Ташкул Керексизов.

Кыргыз деп күйгөн, социализм заманында унутта калтырылган улуттук уңгусуна кайтуу демилгесин көтөрүп, үлкөн рухий-маданий долбоорлорду ишке ашырган демөөрчү, ишкер, коомдук-саясий ишмер Ташкул Керексизов дүйнө салды.

73 жашка караганда Ташкул Керексизов акка моюн сунганын угуп кайгырып отурам. Кыргыздын дагы бир азаматы, улуттук баалуулуктарды баарынан бийик койгон нукура патриоту бул жалганды таштап кетти.

Мындан кыйла жыл илгери Ташкул аганын Чоң-Арыктагы таштан салынган боз үйүндө болгом. Кенен үйдүн ичиндеги нака кыргыз стилиндеги жасалгаларды көрүп, сыртта карагай-арчалар арасында жүргөн эликтерди, аска ташка урунуп агып түшкөн шаркыратманы, ызы-чууга толгон шаар ичиндеги жайлоону элестеткен жүрөккө жакын, көңүлдү кушубак кылчу жерди кемелине келиштирип койгон кишинин эмгегине суктанып, кыймылы үзүлбөгөн чоң көчө боюнда деле кыргыз кереметин жасоого болоруна таң калып кайткам.

Айтса, ошол үйдөгү эмеректер, илинген сүрөттөр Ак үйдөгү президенттин кеңсесин да кооздоп турчу.

Шаардагы өзгөчөлүү кыргыз үйгө суктангандар көп болуп, эгемен өлкөнүн эң кадырлуу деген конокторун өлкө башчыларын ошол жерде сыйлап, кыргыз турмушу ушундай, меймандостугу мындай деп үлгү катары көрсөтүп жүрүшкөнүн кийин Ташкул аганын бир маегинен уктум. Чынында үй биринчи кирген кишини аябай таң калтырчу.

Чакан короо ичине Кыргызстандын моделин жасап койгондой элестүү, баарысы өз-өз ордунда, түркүн-түстүү гүлдөр, бак-дарактар, шаардын бир түс жашоосуна дегеле коошпогон ажайып көрүнүш босогону аттагандын баарын бир алды аптыктырып койчу. Ошондон го Ташкул аганын кыргыз үйүнө туңгуч президент кадырлуу меймандарын алып келип, улуттук жай деген кандай болорун көрсөтүп, кыргыздын меймандостугун, сыйчылдыгын барктап, келгендердин ыраазылыгын алып жүрүшүптүр.

Дүйнөнүн ар кыл жеринен келген меймандарга Ташкул аганын үйү нукура кыргыз жашоосу, пейили, меймандостугу катары эсинде калса керек. Ал эми кабат үйлөргө шыкалган шаар ичинде өзгөчөлүү кыргыз үй куруу идеясы Ташкул агага тээ каргадай бала кезинде келген окшойт. Ал кезде “совет эли” деген тарыхый жалпылыктын “улуу агасынын” майда улут өкүлдөрүнө айылдан келгендерге, үй курушту билбеген, шаар салып көрбөгөн тоолуктарга текебер мамилеси болор эле. Анысын жашырып коюштун ордуна ачык айткандар деле көп болчу. Социализм болбосо эмне болот элеңер дегендер тоодон түшүп келип шаардык болуп калгандарды жактырышчу эмес. Кара-Балтадагы интернатта жашап, окуп жүргөндө андай сөздөрдү Ташкул ага да көп угуптур, анын баары намыскөй баланын көңүлүнүн тереңинде сакталып калса керек. Ошондон улам ал улуттук дүйнө таанымдын тереңдеги сырына кызыгып, анын эчен кылымдар сакталып келишинин себеп-жөнүн, ички тамырын иликтөөгө өтүп кеткендир.

Антпесе ал киши деле башкаларчылап күндөлүк жашоосуна ыраазы болуп, эсепсиз дүйнөсүнүн акыбетин көрүп каалаган кызматын сатып алып, санаасыз жашай берсе эч ким айыптамак эмес. Социализм заманында бийликке илешип, атын чыгарып алгандардын көбү кийин жагдайга ыңгайлашып, демократ болуп чыга келбедиби. Антишке ал кишинин акылы, тажрыйбасы жетиштүү болчу. Бирок улуттук мүдөө-кызыкчылык аны ишкерликке, андан соң саясий кызмат айдыңына алып келди. Биртоп жооптуу кызматтарды аркалап, мамлекет башчысынын ишенген кишиси болсо да, артынан жаман сөз ээрчитпеди, жегич, ичкич, ууру атка конбоду, топуктуулугунан жанбады.

Улуттук уңгу демекчи, эчен жыл көңүлүндө бышырып келген аздек идеясын ишке ашыруунун биринчи кадамы Ташкул аганын Чоң-Арыктагы үйүнөн башталыптыр. Андай үйдү мурдагы заманда салыш мүмкүн эмес болчу. Баскан-турганыңды, жыгач-ташыңдын баасын тыкыр көзөмөлдөн өткөрүп турган заманда келишкен боз үй тибиндеги жай салып, короо ичин Кыргызстанда өскөн бак-дарак, чөп-чар менен кооздоо ойго келбес иш болчу. Андай аракет жасаган адамга улутчул деген айып коюлуп, катаал жазага кириптер болмок.

Бишкектеги ошол таштан салынган боз үй кийин касиеттүү Көл жээгине түштү, Чолпон-Атанын так ортосундагы “Рух Ордого” айланды, кыргыз үйү дүйнөнү өзүнө батырарын, жалпы адамзаада биримдигин кыргыз тээ алмустактан бери эле алпештеп келатканын, жер үстүндөгү пенде балдарын диний ажырымдык бөлбөй, тескерисинче баарысы Жараткандын ырайымы түшкөн кош аяктуу пенделери экенин, ааламды таң калтырган акыл-эс генийлери эркин, кенен жерде жараларын, асман тиреген тоолор менен түбү чексиз көлдүн, жер үстүндө көмкөрүлгөн көк асмандын алдындагы адамдар табият менен мамыр-жумур жашашы керектигин, адамдын улуулугу рухий дүйнөсүндө, мезгил менен мейкиндик чектерин билбеген акыл-эс парасатында экенин ырастаган керемет жайды куруп, андан соң касиеттүү көлдүн тескейинде “Аалам Ордо” айылын тикелей баштабадыбы.

Ташкул аганын өзүнүн айтуусунда, Чолпон-Атанын чок ортосундагы “Рух Ордо” ажайып жайынын салынып калышына, ага тиешелүү жердин берилишине Орусия президенти Борис Ельциндин өтүнүчү, анан албетте, улуттук баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурган туңгуч президенттин макулдугу себепкер болгон экен. Болбосо ар бир укуму алтынга бааланып жаткан кымбат жерден ири долбоорго жер алыш мурда деле, азыр деле кыйын го.

Ташкул Керексизовдун эли үчүн жасаган иштеринин эн мыктысы, жакшы атын кийинки муундарга унуттурбай калтыра турган мурасы “Рух Ордо” долбоору болмокчу. Көл жээгиндеги мына ушул ажайып жай Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийинки ири маданий борбору, алыс-жакындан келген меймандардын сөзсүз бара турган жайына айланды. Ага баш баккан адам кыргыз дүйнө таанымынын ушунчалык кенендигине, философиясынын тереңдигине суктанбай койбойт, пенде баласынын ажырымдыгына караганда окшоштуктары, жалпылыктары көп экендигине ынанат.

Ташкул ага кийин “Рух Ордо” борборун башка бир ишкерлерге берип, кыйла жылын айтылуу “Аалам Ордонун” философиясына арнады. “Аалам Ордо” башы Ала Тоодон башталып, аягы Гималайдын асман тиреген тоолорунан бүткөн аалам менен жердин көрүнбөс байланышы, Шамбала, космостук карым-катыш, аян дүйнө, “Манас” ааламы, Чыңгыз Айтматовдун жомоктон кийинки ак кемеси, боз үйлөр айылы, суу, жер, көк асмандын тогошкон жериндеги асылдыктардын адам акылын айран кылган байланыш-катыштарын айгинелеп турмак.

Өкүнүчкө, ири долбоордун аягына чыгышы кендирди кескен каражаттын, анан да Кыргызстанды улам-улам каптаган бийликти күч менен басып алуу жосундарынан, буга кошумча дүйнөлүк масштабдагы маданий долбоорлорду куруп ишке киргизүү жалгыз Ташкул аганын гана энчисине жазылгансып, башка бир да бирөөнүн колдобой, көмөктөшпөй коюшунан улам аягына чыкпай калды. Каражат менен кайдыгерлик үлкөн маданий долбоордун кендирин кести. Канча мээнет, каражат сарпталган курулуш бир четтен урап, эчен мыкты сүрөткерлердин каламынан чыккан сүрөттөр кетилип, бийик дубалдар бир четинен упаланып, анан да дүйнөлүк акыл, аң-сезимди даңазалаган руханий ыйык жайды айрымдар акыр-чикир таштачу жерге айлантып, жакшы башталган арасат калды.

Улуттук денгээлдеги эң өкүнүчтүү иш ушул. Бизде ири долбоорду баштаган адамга жардам бербесе да тымызын тоскоолдук кылгандар, кызганыч кылгандар толтура. Учурунда “Манас” киносун тартам деп каражаттын жогунан өксүп, арманын ичке жутуп Болот Шамшиев дүйнө салды. Кыргыз сахнасында ырдасам, жарыгым элиме тийсе деген арман менен алыста жүрүп сейрек үндүү ырчыбыз Болот Миңжылкиев акка моюн сунган. Сахнанын дагы бир жылдызы Бакен Кыдыкееванын кайгылуу өлүмү учурунда коомчулукту кайгыртканы менен, улуттук масштабдагы улууларга мамлекет камкордук кылышы, көмөк көрсөтүшү, андай иш колунан келбесе тоскоолдук кылбашы керек эле. Бийлик алмашкан сайын мурда иштегендерди кодулоо, айып тагуу жосунунан Ташкул ага да четте калган жок.

Анын кимдер менен иштегенин эмес, кандай ишти баштап жатат, аны аягына чыгарууга көмөк кылсак болбойбу деген азамат же бийлик, же интеллигенция арасынан чыкпады. Карапайым калк арасынан чыккан экен. Баарыбыз Ташкул ага баштаган иш соңуна чыгат, бул кишиде каражат жетиштүү, тезирээк бүтсө болор эле деп карап турдук. Жол боюнда тизилген жумурткадай боз үйлөрдү тиктеп, бийик кырдагы улуу манасчы Саякбайдын айкелине таңданып жанынан өтүп жаттык. Бактар менен гүлдөр куурап, дүйнөлүк алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн кең дубалдын сырлары көчүп, сүрөттөрдүн кедери кетип атканы менен ишибиз жок, мунун баарына күбө болуп арыда күнгө чагылышып жаткан көлгө суктанып, бул иштин бизге эч тиешеси жоктой, кайдыгер карап канча ирет өттүк. Ташкул аганын өмүр соңундагы улуу ишин коштой албаганыбыз ал киши өзү менен кошо ала кеткен арылгыс армандарынын бири болду окшойт.

Ташкул ага кесиби боюнча товарчы, капитал теориясындагы товар-акча-товар классикалык формуласы болгон маанилүү өнөрдүн ээси эле. Социализм заманында товарчы өзгөчө барктуу, элдин көбүнүн көзүн кызарткан керектүү кесиптердин бири эле. Киши көңүлүн оорутпаган жапакеч, боорукер, анан да башкалардан алганга караганда бергенди жакшы көргөн март киши экен, мурунку заманда биртоп жооптуу кызматтарды аркалап, тармагындагы белгилүү жетекчилердин бирине айланган. Анан заман оошуп, доор алмашып Кыргызстан өз алдынча өлкө болуп, улуттук уңгусуна кайтуунун кези келгенде Ташкул ага эч ойлонбой рухий баалуулуктарды көтөрмөлөө, ага кол кабыш кылууга өттү.

Ушу тапта кыргызстандыктардын кыйласына жакпаган Аскар Акаевдин тушунда Ташкул Керексизов биртоп жооптуу кызматтарда иштеди. Анын бирөөнөн да артынан “жеп кетти, ичип кетти, уурдап кетти” дегендей сөз ээрчиткен жок. Бажы тармагын, мамлекеттик мүлк жаатын, Талас облусун, президенттик иш башкармалыкты жетектеди. Анын баары Ташкул аганын саясий кызмат тепкичиндеги белгилүү бир убакыт, мезгил болуп калар.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG