Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

“РУХ ОРДО» МАДАНИЙ КОМПЛЕКСИН КОРЕЙ ИШКЕРИ САТЫП АЛДЫ


Депутат Ташкул Керексизовдун көл жээкке курган “Рух ордо” маданий комплекси Борис Сан аттуу корей улутундагы ишкерге берилди. Депутаттын бул кадамын шайлоочулар туура көрбөгөнү менен анын себебин билишет. Ташкул Керексизов кызматкерлерине айлык акы төлөй албагандыктан ушундай чечимге келген.

Чолпоната шаарындагы “Рух ордо” маданий комплекси көл жээке жакын курулгандыктан архитектуралык жасалгасы боюнча Орто Азиядагы эң мыкты объектилердин бири экенин адистер далилдеп келет. Беш гектар жерди ээлеген бул комплекстин курулушу боюнча Ташкул Керексизов шайлоочуларына айтканы бар:

- Жердин чыр-чатагына мени салбагыла. Мен чекеден чертип Акаевдин убагында жакшы жерди алып “Рух ордону” салсам болмок эле. Ырымдап туруп атайын курдук. 15 жыл мен кул болдум, “Рух ордону” курдум, 18 миң кишиге тамак бердим, концерт бердим үйүмдө, - деген “Рух ордонун” кожоюну аны каржылоо кыйын болуп калгандыктан, бирөөгө бере турганын мындан эки ай мурда эле минтип кыйыткан болчу:

- 5 жылдан бери мойнумда, 2 миң доллар турат айына, ошону таба албайм.

Бозтери айылындагы курултайда шайлоочулар менен сырдашкан Ташкул Керексизов ушинтип айткандан кийин эле “Рух ордо” корей улутундагы ишкерге сатылганы жөнүндө сөз тарады. Аны иликтеп көрсөк мамлекеттик мекемелерге барганыбызда, ушул жылдын 17-апрелинде “Рух ордо” “Сани компани” фирмасынын кожоюну Сан Борис Анатольевич аттуу ишкерге расмий катталганын аныкташты.

Комплекстин курулушуна канча акча сарпталып жана аны кандай баага сатып атканы боюнча эски кожоюн Ташкул Керексизов менен жаңы кожоюн Борис Сандын Чолпоната шаарындагы ушул объектинин башчыларына кайрылганбызда, ачыкка чыгарышпай буларга токтолду:

- Сатылды дегенде кандай, бул комплексти соодалашпай эле, жөн эле ишенчиликтүү жакшы кишиге өткөрүп бердик. Ташкул Жанузакович көлдүн аркы өйүзүндө ушундай эле “Умай эне” деген комплексти куруп атат, ошондуктан эки жака жетишпей атат, - деди Лилия Бравко.

Ал эми “Рух ордонун” жаңы башкаруучусу комплексти дайыма ачып коюп, бирок акы төлөмөйгө өткөрөрүн билдирди:

- Бул жерде касса коюлат, эл жана бардык каалочулар акча төлөп кирип турат, - деди Инна Нан.

Бирок “Рух ордодогу” мындай жаңылыкты ысыккөлдүктөр жактырбай атканын дагы жашырган жок:

- Биздин депутатыбыз Керексизов ошону туура эмес кылган. Депутаттыка шайланып атканда, бул элдики болот, эч жака сатпайм деген. Азыр угуп атабыз 100 млн. долларгабы, же канчага сатып жибергенин, же жогорку жактагылар аны алып алыштыбы, түшүнүксүз, - чолпонаталык Эмиль аттуу тургун ушундай деди.

Коомчулук учурда “Рух ордону” сатып алган Борис Сан аттуу ишкер Чолпоната шаарынын борбордук көчөсүнө “Казино” салып атканына каршы чыгып, кол чогултуу башталды эле. Бирок архитектуранын кызматкерлери бул маалыматты жокко чыгарып, ал ресторандын курулушу гана экенин билдиришти.
XS
SM
MD
LG