Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

“Манас” эпосу жана ЮНЕСКОнун шедеврлер тизмеси


Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жетекчиси Жыпар Жекше.
Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жетекчиси Жыпар Жекше.

“Азаттык” үналгысынын таңкы уктурууларында ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын баш катчысы Жыпар Жекшеев түз маек куруп, "Манас" дастанын ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк шедеврлер тизмесине алып, сактоо аракети тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Октябрь айынын башталышында Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Дабу шаарында ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин төртүнчү сессиясында Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталынган “Манас”, “Гесериада”, “Жангар” сыяктуу үч чоң эпос материалдык эмес, дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген экен. Ушул тууралуу маалыматыңыз болсо айтып берсеңиз?

Жыпар Жекшеев: Чындыгында иштин негизги принцибин, баардык процедуралык нормаларды сактай турган болсок, анда Кытай Эл Республикасы сөзсүз түрдө Кыргызстанга кайрылыш керек болчу. Кыргызстан менен биргелешип ошол “Манастын” номинациясын өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул баардык жолго туура жооп берет. Ал комитеттен каралып, жактырылып, өттү. Бирок акыркы чечим чыга элек. Ошону биз билип калып, абдан таң калдык.

Анан биз бардык документтерди, маалыматтарды иликтеп чыктык. Көрсө, ал жерде Кытай Эл Республикасынын расмий структуралары, мисалы, Тышкы иштер министрлиги, же Маданият министрлигинин тиешеси жок болуп чыкты. Бул жерде Үрүмчүдө маданий борбор бар экен, ошолордун атынан кеткен. Албетте, кыргыздардын бир бөлүгү Кытайдын аймагында жашап, анын жарандары болуп тургандан кийин, ал дастан Кытайга гана таандык сыяктуу болуп калууда. Бизге ушул кичине ыңгайсыз жагдайды жаратты. Бирок Кыргызстан тарап Кытай Эл Республикасынын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүп, алар да Бишкектин жүйөсүнө каршы эместигин айтып жатышат.

“Азаттык”: Демек буга чейин “Манас” эпосун дүйнөлүк материалдык эмес мурастарга киргизүү боюнча бизден кандайдыр-бир аракеттер болгон экен да?

Жыпар Жекшеев: Бизден аракеттер көп болгон. Мисалы, биз 2003-жылы “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүүгө аракет кылган, ошол убактагы ЮНЕСКОдо жооптуу бөлүмдүн башчылары “Манастын” 1000 жылдыгына байланыштуу ири иш-чараны Парижде жана башка жерлерде өткөргөндөн кийин Манас дүйнө жүзүнө чоң чыгарма катары ого бетер таанылды.

ЮНЕСКО болсо жоголуп, өчүп бараткан маданий мурастарды гана алып калууга аракет кылат. Ал эми “Манас” дастаны дүйнөгө кеңири белгилүү, дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттер билип калды "Манасты" деп, ошол убакта тизмеге алуудан баш тартып коюшкан. Бирок кийин биздеги манасчыларды, дастанчы, төкмө акындардын өнөрүн материалдык эмес, маданий мурастын чоң шедеври катары ЮНЕСКО тизмесине кабыл алган. Ал 3-4 жылдан бери 3 жылдык программасын аяктап атат. Эми мындан ары кыргыз өкмөтү бул өнөрдү сактоо, жайылтуу ишин өзү мойнуна алыш керек.

“Азаттык”: Мисалы, Кытайдагы Шинжаң уйгур автоном району “Манас” эпосун ЮНЕСКОго киргизүү боюнча атайын телесериалдарды тартыптыр, илимий симпозиумдарды өткөрүптүр. Ошонун негизинде ошондой сунуштаган экен. Ал эми бизде ошол сыяктуу телесериалдар, симпозиумдар эл аралык деңгээлде өткөрүлүп сунушталабы?

Жыпар Жекшеев: ЮНЕСКОнун дүйнөлүк шедеврлеринин катарына манасчылар, дастанчылар, төкмө акындардын өнөрү кабыл алынган да.

“Азаттык”: “Манас” эпосучу?

Жыпар Жекшеев: Шарт боюнча биз жөн эле барып, Кыргызстанды ал жерге тизмеге Кытайдын астына Кыргызстан деп, анан Кытай Эл Республикасы деп жазып койгон туура болбой калат. Биз Кыргызстан тарабынан абдан чоң даярдык көрүп, ошол номинацияга абдан көп эмгектенип, анан ошолордун баарын өткөрүшүбүз керек болчу.

Өзүң айткандай эле, керек болсо телетасмага да түшүрүп дегендей. Бирок бизде андай иш жүргөн жок да. Себеби биз манасчыларды, акындарды өткөргөндөн кийин, биз ошону менен чектелип калганбыз. Биздин дастанды ЮНЕСКО тарабынан атайын тизмеге алдыруу боюнча мурунку аракеттерибиз ишке ашкан эмес.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG