Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

“Сулайман -Тоо” - ЮНЕСКОнун күн тартибинде


Испанияда өтүп жаткан ЮНЕСКOнун 34-сессиясында “Сулайман -Тоо” эстелигин дүйнөлүк мурастардын катарына кошуу маселеси да каралат. Документтерди ЮНЕСКО эки ирет оңдоо үчүн кайтарган болчу.

Маданият министри Султан Раев Испаниянын Севилия шаарында 24-июнда башталган ЮНЕСКонун 34-сессиясына катышып жатат. Сессияда министр Раев “Сулайман -Тоо” этнографиялык комплексин дүйнөлүк маданий мурастардын катарына кошуу боюнча документтерди сунуштамакчы. Эгер сунушталган кагаздар туура болуп кабыл алынса, “Сулайман - Тоо” дүйнөлүк тарыхый мурастардын катарына кирген Кыргызстандагы алгачкы эстелик болуп калат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Мамасалы Апышев маалымдады:

- Маданият министрлиги эки-үч жылдан бери “Сулайман Тоону” ЮНЕСКОнун “Адамзаттын дүйнөлүк тарыхый мурасы” номинациясы боюнча дүйнөлүк эстеликтердин тизмесине киргизүү аракетин көрүп келатат. Алар айрым документтерди “кайра иштеп бергиле” деп кайтарышкан. “Сулайман -Тоо” боюнча президенттин да токтому чыккан эмес беле. Эми бул саам документ өтүп кетсе, “Сулайман -Тоо” Кыргызстандын дүйнөлүк эстеликтердин тизмесине кирген биринчи тарыхый эстелиги болуп калат эле.

Адистердин айтымында ЮНЕСКО Кыргызстандын айрым эстеликтерин карамагына алууга кызыкдар. Ал эми Кыргызстандан барган документтерди ЮНЕСКОнун кайтарып берген себеби, “Бишкекреставрация” мамлекеттик борборунун директору Жумамедел Иманкуловдун айтымында – документтердин максаттуу дал келбегендигинде болгон. Бул жерде документтер мамлекеттик жетекчиликтен да, жеке фирмалардан да барып, эки тараптын кызыкчылыгы бири-бирине карама-каршы туруп калган. Карама-каршылык асма жолдон келип чыккан:

- Сулайман -Тоонун үстүнө асма жолду салууну “Сателит” фирмасы аркылуу Ош мэриясы же өкмөт менен макулдашпай эле колдоп чыгып документ жөнөткөн. Мындай документтин жөнөтүлгөнүн билгенден кийин, Маданият министрлиги буга каршы чыккан. Дагы башка жеке фирмалардан да документтер барган ЮНЕСКОго. Албетте алар таң калышты да, Кыргызстанда аталган эстеликке карата бир жактуу, такталган мамлекеттик чечим жокпу деп. Ошондуктан кайтарып беришкен.

Ал эми “Сулайман Тоо” боюнча документтердин экинчи ирет кайтарылышы – эстеликти коргоо зонасынын өтө кеңейип кеткенинен улам келип чыккан. Жумамедел Иманкуловдун айтымында экинчи ирет жөнөтүлгөн документтеги коргоо зонасына Кара-Суу районундагы тоолор, алардын жака-белдери да кирип кеткен:

- Тарыхый эстеликтерди дүйнөлүк коргоого алууда – коргоо аймагы жана буфердик аймак деген бар. Документти түзгөндөр бизге окшогон адистер менен кеңешпей эле, буфердик аймакты өтө чоң алып коюшкан. Буфердик аймакка Кара-Суу районуна кирген Орто-Тоо, Керме-Тоо тоолору жана Өзбекстанга чейинки жерлер кирип кеткен. Ал эми эстеликтин буфердик аймагына кирген жерге келечекте көп кабаттуу үйлөрдү, завод-фабрикаларды салууга болбой калат.









XS
SM
MD
LG