Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

"Мен көчмөнмүн" деп аталган эл аралык туристтик жармаңке башталды (видео)


Жарманкеде тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.
Жарманкеде тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.

Бүгүн, 15-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн максаты Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү.

Иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан туроператорлор, эс алуу үйлөрү, кол өнөрчүлөрдөн тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр да катышууда.

Жармаңкенин ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышты. Куттуктоо сөзүндө президент Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңкеси беш жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын жана ага кызыккандардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.

Президент туруктуу туризмди өнүктүрүүгө мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык-маданий, экологиялык жана экономикалык маселелердин чечилиши туризм жаатындагы жүргүзгөн саясатынын негизги фактору болууга тийиштигин айтты.

“Биринчиден, маданий баалуулуктардын, улуттун өзгөчөлүгүнүн сакталышы, дүйнө элдеринин бири-бири менен жакындашуусунун өзөгү болуп эсептелет. Экинчиден, жергиликтүү калкты туруктуу иш менен камсыздандыруу, элдин жакырчылыгын жоюу менен бирге экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек”, - деп айтты Садыр Жапаров.

Ысык-Көл: көчмөндөрдүн туризм жармаңкеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00


Жармаңке-көргөзмө кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы тууралуу театралдаштырылган оюндар, көк бөрү, салбуурун, жаа атуу сыяктуу улуттук спорт оюндарынын коштоосунда өтүп жатат.

"ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсү эки күнгө созулат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG