Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Флай: Биздин үнүбүздү баса алышпайт


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын кеңсеси
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын кеңсеси

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эл аралык компаниянын орус кызматы - "Радио Свободага" байланыштуу соңку окуялар боюнча билдирүү таратты. Анда ал компания Кремлдин чындыкты айткандарды цензурага алуу аракетине каршы күрөшөрүн билдирди.

“Радио Свобода” мекемесинин журналисттери Орусиянын мекенчил жарандары. Алар мекендештери жалган кабарларга, калпка толгон жашоого көнбөшү үчүн көз карандысыз маалыматтарды берип келет”, - деди Жейми Флай.

Флай "Радио Свобода" өз аудиториясын таштабай турганын белгилеп, “биздин үнүбүздү баса алышпайт” деп билдирди.

Ишембиде орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептери камакка алды. 14-майда радионун Москвадагы кеңсесине сот аткаруучулар келген. Буга орус бийлигинин “чет өлкөлүк агенттер” мыйзамынын негизинде радио айыппулдарды төлөбөй жатканын жүйө келтирген.

“Радио Свобода” “чет өлкөлүк агент” деген макамды четке кагып, альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатат деп эсептейт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG