Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

ИИМ Мелис Аспековдун билдирүүсүн териштире баштады


Мелис Аспеков
Мелис Аспеков

Ички иштер министрлиги Мелис Аспековдун "Фейсбуктагы" президент Садыр Жапаровго байланыштуу билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, бул факты Жазык кодексинин “Добуш сатып алуу” беренеси боюнча тергелет.

"Учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат"-деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ал “шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп өзүнүн бир нече фактыларын келтирген.

Садыр Жапаровдун администрациясы аны четке каккан. Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко берерин кабарлаган.

Мелис Аспеков быйыл 10-январда камалган. УКМК Аспеков "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылганы боюнча арыздын негизинде Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген.

38 жаштагы Аспеков президенттик шайлоого чейин Садыр Жапаровдун жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары белгилүү болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG