Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Байтерек Аспековдун билдирүүсүн жокко чыгарды


Галина Байтерек
Галина Байтерек

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек камакта жаткан активист Мелис Аспековдун соңку билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берди. Анда Аспеков жалган маалымат таратып жатканы, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылабаганы айтылат.

“Пара талап кылганы үчүн шектелип кармалган Мелис Аспеков мамлекет башчынын кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат. Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасаганга көнүп алган, бирок бардык нерсенин чеги болушу керек. Калп жана жалаа жапканы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Өздөрүн олуттуу саясатчы деп эсептеген айрым ишмерлер бул окуяны өөрчүтүп, президент Садыр Жапаровду жана анын жүргүзүп жаткан реформаларын жаманатты кылууга аракеттенип, маалыматты манипуляция жасап жатканы өкүндүрбөй койбойт”, - деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына акыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ал “шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп өзүнүн бир нече фактыларын келтирген.

Бул билдирүүгө мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров да жооп берген. Анда экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Жээнбеков Аспековду сотко бере турганы айтылган.

10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган.

УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG