Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Чек ара жаңжалында жараат алгандардын бирине Түркиядан операция жасалат


Максат айылы, Баткен. 4-май, 2021-жыл.
Максат айылы, Баткен. 4-май, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын бирине Туркиядан операция жасалат. Анын дарыланууга кеткен чыгымын “Кызыл жарым ай” уюму көтөрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бейтап 14-майда “Манас” аба майданына "Тез жардам" кызматы менен жеткирилип, Түркияга учуп кетти.

Жабырлануучу Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну. Чек ара жаңжалында эки бутунан жараат алган. Оң көзүнө октун сыныктары кирип кеткендиктен ага Кыргызстандан да операция жасалган.

Баткендеги чек ара окуясында жараат алгандардын 25и учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарылануусун улантып жатат.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза болду. Анын экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.

Тажик тараптан 19 адам каза болгону, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө 6-майда жарыяланган.

Эки өлкөнүн башкы көзөмөл органдары куралдуу жаңжалдан кийин бири-бирин "агрессияга" айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG