Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

УКМК абактагы активист Мелис Аспеков боюнча маалымат берди


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул мекеменин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековдун кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы 14-майда Аспековдун айтканы чындыкка дал келбей турганын, денесинен жараатты УКМКдан эмес, соттон алганын, тергөө абагынын кызматкерлерине доосу жок экенин өзү 11-мартта жазып бергенин билдирди.

Атайын кызмат Аспековдун билдирүүсүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети” деп баалап жатканын мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Кыдыралиева айтып берди:

“Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жараат алган. Ал денеге залал келтирүүнүн себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан. Буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ далил”.

12-майда Аспеков “Фейсбуктагы” баракчасына буттары көгала болгон сүрөтүн чыгарып, “Кыпындай күнөөм жок отурганыма бешинчи ай кетти. Адамкерчиликке жатпаган ыкмаларын кылышууда. Арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти” деп жазган.

10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышкан. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Аспеков азыркы президент Садыр Жапаров талапкер катары шайлоого катышып жатканда анын штабында Чүй боюнча координатору экенин айткан. Жапаров "Аспеков шайлоо штабымда иштебейт" деп 10-январда билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG