Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:50

Манастын эстелиги Казакстанда, Абайдын эстелиги Кыргызстанда орнотулат


"Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелиги.
"Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелиги.

Бишкекте Абай Кунанбаевдин эстелигин, Нур-Султанда Манастын эстелигин орнотуу пландалууда.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эстеликтерди орнотуу аталган ишкананын жетекчиси, Бишкек шаарынын башкы архитектору Марат Жороев менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин, Маданият жана искусство департаментинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болгон.

Казак-кыргыз делегацияларынын жолугушуусу.
Казак-кыргыз делегацияларынын жолугушуусу.

Бишкек шаардык мэриясынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы "Казак эл акыны Абайдын эстелигин орнотуу жөнүндө" 345-токтому менен Бишкек шаарындагы “Театральный” аянтынын борбордук аллеясында Абай акындын эстелигинин орду аныкталган.

Абай Кунанбаев.
Абай Кунанбаев.

Эки тараптуу келишимдерди эске алуу менен, Манастын эстелигин Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда орнотуу пландаштырылууда. Жолугушууда Манастын скульптуралык композициясын орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сынак жарыялай тургандыгы маалым болду.

Эстеликтерди орнотуу ушул жылдын күз айларына пландалууда. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG