Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:12

Кыргыз-кытай алакасынын жаңы багыты


Борбор Азия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери (солдон оңго): Абдулазиз Камилов (Өзбекстан), Сирожиддин Мухриддин (Тажикстан), Мухтар Тлеуберди (Казакстан), Ван И (Кытай), Руслан Казакбаев (Кыргызстан), Рашид Мередов (Түркмөнстан), Сиан шаары, 12-май 2021-жыл.

11-майда Кытайдын жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башкы дипломаттары Жибек жолунун бешиги делген Сиань шаарында жаңы форматта биринчи жолу бетме-бет сүйлөштү. Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери да өзүнчө жолукту.

Кытайдын Борбор Азиядагы жаңы дымагы

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2022-2023-жылдардагы кызматташуу программасына кол коюлду. Акыркы жылдары кыргыз-кытай соода-алакасы солгундай түшкөн. Бул жолку жетишилген келишим мамиле оңоло баштаганынан кабар бере турганын айрым эксперттер айтышууда.

"Карыз үчүн үстөк пайыз кошулбайт"

Кытай Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 54 миллион доллар кайтарымсыз грант берип, тышкы карыздын мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча үстөк пайыз кошпой турган болду.

Бул тууралуу 11-майда Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Ваң И макулдашты.

Кыргызстан тышкы карызынын дээрлик жарымын (1 млрд. 782 млн. доллар) Кытайдан алган. Өткөн жылы пандемиядан улам Бишкек Бээжинге тышкы карызды төлөөнү жылдырып берүүнү өтүнүп үч жолу кайрылган.

Карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков коңшу өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшүүдө да маселе көтөргөн. Кийин сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Инин Бишкекке жасаган сапарында Сооронбай Жээнбеков экинчи жолу карызды жылдырып берүүнү өтүнгөн.

Кытай тарап кийинчерээк карызды төлөөнү убактылуу токтотуп турууга макул болуп, бирок кошумча 35 млн. доллар үстөк пайыз кошуларын эскерткен. Бирок, Кыргызстандын Финансы министрлиги Кытай менен сүйлөшүү улантылып жатканын, акыркы чечим чыга электигин айткан.

Саясат талдоочу Айболот Айдосов Кытай бийлигинин карызды убактылуу токтотуп турганы үчүн үстөк пайыз албоо чечими, жаңы бийликке жакшы мамиле куруу үчүн жасаган ишараты деп баалады.

Айболот Айдосов
Айболот Айдосов

“Кыргызстанда өзгөрүүлөр башталгандан бери Кытай менен Кыргызстандын мамилелери түшүнүксүз абалда турду. Расмий түрдө колдоо айтылган менен чек ара жабылып, көптөгөн жардам токтоп калды. Бул жолугушуунун жыйынтыгы эмнени билдирет? Кытай биздеги өзгөрүүлөрдү колдоп жатат. Кыргызстандын жаңы бийлигин кабыл алды дегенди түшүндүрөт”.

Кытай тарап гранттан тышкары коронавируска каршы вакцинасынын экинчи партиясын гуманитардык жардам катары берет. Анын өлчөмү 150 миң дозада болору белгилүү болду. Коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы 19-мартта келип, 29-марттан тартып Кыргызстанда эмдөө башталган.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда төмөндөгү маселелер дагы көтөрүлгөн.

“Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларынын эскпортун кеңейтүү, “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу, Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызын жөнгө салуу, Кыргызстандын экономикасына Кытайдан максаттуу инвестицияларды тартуу, “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында инфраструктура жаатындагы долбоорлорду бирге ишке ашыруу талкууланды”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Солгундаган соода-алака

Руслан Казакбаев менен Ваң Инин жолугушуусунда Кытай тарап Кыргызстандан экспорттолгон экологиялык таза продукциялардын көлөмүн көбөйтүп, тизмеге картошка, төө буурчак, рапс жана жүзүмдү кошууга кызыкдар экени да айтылды. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптимизациялоо багытындагы иштер да жүргүзүлөт.

Кыргызстандын экономикасы быйыл жыл башынан бери 9,4% төмөндөдү. Мунун ичинде өндүрүш, курулуш, соода жана башка тармактардагы көрсөткүчтөр да ылдыйлап жатат.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кытайдан Кыргызстанга кирген импорт 57,5 пайызга кыскарды. Жүк ташуучу унаалар 10 эсе азайган.

“Жаңы жибек жолу” соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы, мурдагы дипломат Азат Эркебаев кыргыз-кытай соода алакасы пандемияга чейин эле начарлаганын айтат.

Азат Эркебаев
Азат Эркебаев

“Чынында кыргыз-кытай соода-экономикалык мамилелери пандемияга чейин эле солгундап баштаган. Кытайдан тикелей инвестиция же мамлекеттик деңгээлдеги инвестициянын келиши азайган. Пандемия аны күчөтүп, сезилээрлик абалга жеткирип койду. Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилесине кедергисин тийгизген учурлар болду. Көбүнчө кен байлыктары жаатындагы долбоорлор. Ошол эле Солтон-Сары, Иштамберди, Макмал, Кадамжайдагы кендер. Ушуга окшогон чыр-чатактар инвестицияга терс таасирин тийгизди”.

Аныгында эле, Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык-соода байланышы акыркы жылдарда улам төмөндөп отурган. Мисалы, 2018-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген инвестициялар эки эсе кыскарган. 2017-жылы 300 млн. доллардын тегерегинде каражат келсе, 2018-жылы бул сумма араң 100 млн. доллардан ашкан.

2018-жылы Кытай мамлекети Кыргызстанга грант катары 86 млн доллар бермек болгон. Бирок, бул акча кечигип, Кыргызстан үчүн эң оор 2020-жылы да келген эмес.

Муну айрым адистер Кытайга карата терс маанайдын күчөшү, тоо-кен тармагында иштеген кытайлык компаниялар менен жергиликтүү элдин чыр-чатагы жана кытайлык ТВЕА компаниясына козголгон кылмыш иштери менен байланыштырып келет.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда 20 жылдан ашуун убакыттан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келе жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу маселеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кытай жетекчилиги Кыргызстан менен соода-экономикалык алакасын жакшыртууга даяр экенин билдирди. Эми темир жол сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу кыргыз бийлигинин эркинде дейт.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Кытай менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай саясий маселе жок. Чек ара чечилген, Кытай ички саясатында сепаратизмге, терроризмге каршы күрөшкөн негизги принциптерди карманат. Кыргызстан ал принциптерди колдоп келет. Кытайда бүт баары бийик деңгээлде чечилет. Кыргызстанга болгон мамиленин жылышы кытай өкмөтүнүн, Борбордук комитетинин чечими деп билем. Кытай өз кадамын кылды. Эми кыргыз өкмөтү тиешелүү кадамдарга барыш керек. Биз үч нерсени чечмейинче экономикада өнүгүү болбойт. Коррупцияны жоюу, либералдык реформа жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу. Эрте курсак жакшы болот эле, азыр саясий маселе айланып, көптөгөн державалардын бут тосуусуна туш болуп жатат. Бирок, мен алар менен Кытай сүйлөшө алат деп ойлойм. Жолдун келечектеги ээси бир держава болбош керек. Жолду курууга бардык тарап катышып, эл аралык жол болсун. Эгер бул темир жолду курдуртуп алсак, Кыргызстан өнүгүүсүндө 10 пайыз секирик жасай алат”.

Расмий түрдө темир жолдун курулушунун кечеңдеп жатышы темир жолдун эни жана багыты боюнча орток пикирдин табылбай жатканы менен түшүндүрулүп келет. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун эни боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

2020-жылы 19-сентябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" интервью берип жатып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна Орусия катышууга даяр экенин билдирген.

Саясий ишмер Мавлян Аскарбеков темир жолдун курулбай жатканына айрым мамлекеттер кызыкдар экенин айтат.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Ачык айтканда кошуна мамлекеттер, өнөктөшпүз дегендер Кыргызстандын өнүгүүсүнө бут тосуп, бул жолду курдурбоонун ар түрдүү айла-амалын көрүп келген. Бүгүн да бут тосууда. Буга чейинки экс-президенттер, экс-премьерлер болбогон бир кызыкчылык үчүн мамлекетибиздин экономикалык, стратегиялык кызыкчылыгын садага чаап келген. Жолдун эни, маршрут дегендер болбогон себептер. Кандай эн болбосун, оптималдуу маршрутта бул темир жолду Кытай тараптын жардамы, биздин кызыкчылыкты сактоо менен тез арада куруп бүтүрүү зарыл. Бул Кыргызстанды алдыга жылдыра турган бирден-бир долбоор”.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Баш мыйзамга кол коюп жатып кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу айткан.

“Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан, “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз”.

Ушул жылдын 8-февралында Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлердин 47 контейнерлик товары жүктөлгөн поезддер Үрүмчүдөн Казакстан аркылуу Бишкекке келген. Буга чейин темир жол аркылуу мындай көлөмдө товар ташылчу эмес.

Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында “Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Кытайдан товар ташыган ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалда калып, мамлекетке салык төлөй албай турушканын былтыр күзүндө айткан.

Ал кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын билдирген. Кытайдан күткөн товары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин төртүнчү жолку ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, алар бизнесин токтотуп жатышканын маалымдаган.

“Жаңы жибек жолу” соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаев Кыргызстан он жыл мурунку кара жол аркылуу Кытайдан товар ташыган позициясын алдырганын айтты.

“Казакстан менен Кытайдын соода-алакасынын солгундабаганына темир жол каттамынын бар болгону бирден-бир себеп. Алардын ортосунда “Хоргос” деген үлкөн темир жол станциясы бар. Азыр чоң мамлекеттердин ортосундагы соода жүргүзүүдө карантиндик жактан эң коопсузу темир жол болууда. Казакстан мындан абдан жакшы пайдаланып алды. Бүткүл Борбор Азия анын ичинде Кыргызстанга өткөн товарлар пандемия учурунда Казакстан аркылуу келип жатты. Бул сөздөн ишке өтүп темир жол инфраструктурасын куруп алуу керек экенин айдан ачык көрсөттү”.

Кыргызстан менен Кытайдын мамилесинен кооптонгондор дагы жок эмес. Кыргызстандыктар арасында Кытайга карата терс маанайдын бар экени белгилүү.

“Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков калк арасындагы Кытай мамлекети менен мамиледен чочулоо тууралуу буларды айтты.

Темирбек Асанбеков
Темирбек Асанбеков

“Кытай эң чоң кошунабыз. Биз чакан мамлекет болгондон кийин дипломатиялык жолдор менен гана чоң мамлекеттер менен эртеңки келечекти түптөй алабыз. Негизи эле Кытай Конфуций философиясы менен жашаган мамлекет. Үстөмдүк кылуу саясий ыкмаларын колдонбойт. Булар дайыма өздөрүнүн мамлекеттик кызыкчылыгынын негизинде гана маданият жолу менен тил табышкан мамлекеттер менен тышкы саясий стратегиясын жүргүзөт. Биз дагы ошол концепцияга туура келген туура багыттагы дипломатиялык иштерди, мамлекеттик деңгээлдеги стратегияны кабыл алышыбыз керек. Экономикалык тыгыз байланышты күчөтүш керек. Бирок, саясий жактан бир аз алыс керек. Биз демократиялык принципте жашаган мамлекетпиз. Булар тоталитардык, чоң мамлекет болгондон кийин ички саясаты бар. Ошого көп аралашпай, адам укугу, эркиндиги, баалуулуктарын дипломатиялык жол менен коргоп турганыбыз оң”.

Президент Садыр Жапаровдун кийинки сапары Кытайга экени айтылган. Өлкө башчысы Кытайга качан барары азырынча белгисиз.

“Борбор Азия - Кытай” форматы

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бул аптада Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын башкы дипломаттарын Сиан шаарына чогултту.

Бул алты өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин “Борбор Азия-Кытай” (C+C5) форматындагы биринчи бетме-бет сүйлөшүүсү болуп калды.

Министрлердин жаңы форматтагы алгачкы жыйыны былтыр июль айында Борбор Азияда коронавирус күчөп жатканда видео конференция аркылуу өткөн.

“Биз биринчи жолу көзмө-көз жолугушуп, алты өлкө пандемияны биргилешип токтотууга ишенерин жана орток өнүгүүнүн жолдорун чогуу издөөгө болгон эрки бар экенин эл аралык коомчулукка көрсөтөбүз деп үмүттөнөм”, - деп билдирди Ван И.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, бул сүйлөшүүлөрдө Ван И пандемияга каршы биргелешип күрөшүүнү, Жибек жолундагы экономикалык пилоттук зонаны чогуу курууну, Евразиядагы транспорт корридору боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү, регионалдык туруктуулукту камсыз кылууну жана өнүгүүнүн жаңы жол картасын иштеп чыгууну сунуштаган.

Мындан тышкары Ван И борбор азиялык министрлерди “чөлкөмдүн өзүнө мүнөздүү жаңы регионалдык кызматташтыкты караштырууга” үндөгөнүн Кытайдын мамлекеттик каражаттары жазышты.

Орус президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпин.
Орус президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпин.

Кытайдын чөлкөмдөгү саясатына көз салып келе жаткан Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги академиясынын илимий кызматкери Нива Яу Цз Яндын айтымында, Бээжин “Борбор Азия-Кытай” форматы аркылуу регион менен башкалардын кийлигишүүсүз кызматташууну көздөп жатат.

“Кытай мындай механизм аркылуу региондогу башка чоң күчтөргө көз каранды болбогон, маанилүү оюнчу экенин ишара кылып жатат. Кытайдын Борбор Азиядагы ар бир мамлекет менен тыгыз эки тараптуу кызматташтыгы бар. Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюму да иш алып барат. Бирок бул уюмда Орусияда бар эмеспи. Ал эми “Борбор Азия-Кытай” (C+C5) форматы аркылуу Бээжин бул региондогу көз карандысыз, маанилүү оюнчу экенин көрсөтүп жатат”, - деди Яy Цз Ян.

Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тең Кытай менен тыгыз соода-экономикалык алакасы бар. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн тышкы карызынын басымдуу бөлүгү да Кытайга туура келет.

Ачыкка чыгып калган маалыматтарга караганда Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард долларга жетип калды, анын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кайтарылчу акчалар.

Мындан тышкары чөлкөмдөгү газ куурлары, темир жолдор сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор да Кытайдын “Бир алкак – бир жол” программасына байланган.

Эл аралык адистер Борбор Азия экономикаcынын Кытайдан көз карандылыгы барган сайын артып жатканына тынчсызданып, анын кесепетин да эскертип келет. Мындай жагдай өзгөчө пандемия шартында, чек аралар жабылганда да анык көрүндү.

Мисалы пандемияда экономикасы эң көп жабыркаган Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын тез арада толук кандуу иштешине үмүт артып жатканын Сианддагы жыйында айтты.

Лондондогу Бириккен кызматтар боюнча падышалык институтун илимпозу, Бээжиндин саясаты боюнча адис Рафаэлло Пантуччи Бээжин Борбор Азиядагы экономикалык гана эмес, коопсуздук жана аскердик жааттагы негизги оюнчуга айланып баратканын айтууда.

“Буга чейин “Кытай Борбор Азияда экономика менен гана алек, Орусия болсо регион менен тарыхый байланышын болгондуктан калган бардык иштерди бүтүрөт” деген ой бар эле. Бирок биз Орусия кайрадан чөлкөмдөгү экономикалык маселелерге көңүл бура баштаганын, Кытай үчүн коопсуздук маселеси да маанилүү болуп баратканын көрүп жатабыз. Аны көп жерден байкаса болот. Кытайдын Тажикстанда базасы бар. Кытай региондогу өлкөлөргө аскердик дрондорду көбүрөөк сата баштады”, - деди Рафаэлло Пантуччи 6-майда Жакын Чыгыш институту уюштурган онлайн талкууда.

Алматыдагы кытай консулдугунун алдындагы Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын айыптаган акция, 9-март 2021-жыл.
Алматыдагы кытай консулдугунун алдындагы Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын айыптаган акция, 9-март 2021-жыл.

Деген менен чөлкөмдө жергиликтүү элдин арасында Кытайдын долбоорлоруна жана саясатына байланыштуу тынчсыздануулар жок эмес. Маселен соңку бир канча жылда Казакстан менен Кыргызстанда кытайлык ишканаларга байланыштуу митингдер өткөнү белгилүү. Бир жыл мурда Тажикстандын Согд облусундагы «Тажик-кытай тоо-кен компаниясындагы» тополоңдо кытай жаранын өмүрү кыйылганы кабарланган.

Мындан тышкары Шинжаңдагы этникалык казактардын укугу бузулуп жатканы тууралуу кабарлардан улам Казакстанда Кытайга каршы акциялар утур-утур уюштурулуп келет.

Сиан шаарында жолугушуусунда “Борбор Азия-Кытай” форматындагы жолугушуулардын форматын түзүү жөнүндө меморандумга, COVID-19 менен күрөшүү, Ооганстандагы кырдаал жана аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүлөр кабыл алынды.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG