Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Тажик-кытай кен ишканасындагы тополоңдо бир кытай жараны мерт болду


Кытайлык жумушчулар мындан бир ай мурун да митингге чыгышкан.
Кытайлык жумушчулар мындан бир ай мурун да митингге чыгышкан.

Бул тууралуу Согди облусундагы Зарнисор шаарчасында жайгашкан «Тажик-кытай тоо-кен компаниясы» ишканасында иштеген кытайлык жумушчулар билдиришти. Алар «Чыгыш мейкиндиги» аттуу кытайлык интернет-порталга ишканадагы соңку тополоң тууралуу айтып беришкен. Ага ылайык, жумушчулар 20-майда сегиз айдан бери маяна ала албай, мекенине кете албай жатышканына нааразы болушкан. Тополоңдо тажик күч органдары кытайлык жумушчуларды союл менен сабаган. Анда бир адам мерт болуп, дагы бир канча киши оор жаракат алган.

Өткөн аптанын аягында Согди облустук ички иштер башкармалыгы бул компанияда иштеген 60тай кытайлык жаран союл жана таш менен куралданып алып башкы кеңсеге барганын билдирген. Анда ишкананын жетекчилери жагдайды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуш кылышканын, бирок жумушчулар ага көнбөй, имараттардын терезелерин, бир канча машинени талкалап салышканын маалымдаган.

«Жагдай милициянын атайын даярдыктагы аскерлери баргандан кийин гана жөнгө салынган. Тополоңдо эч ким жабыркаган эмес, эскертүү иретинде асманга ок атылган», деди Согди милициясы.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кытайлык жумушчулар мындан бир ай мурун да митингге чыгышканын айтышты.

«Тажик-кытай тоо-кен компаниясы» ишканасы 2007-жылы түзүлгөн жана ал цинк, жез, коргошун казат. Уставдык капиталы 30 миллион долларга бааланган.

XS
SM
MD
LG