Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Бюджетке түшпөй калган миллиарддар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жылдын алгачкы кварталында Кыргызстандын бюджети планга толук жетпей калды. Негизинен бажы жана башка тармактардан түшкөн киреше азайды. Өкмөт мунун себебин экономиканын төмөндөгөнү жана экспорт-импорттун азайганы менен түшүндүрүүдө.

2021-жылдын бюджети ансыз да дефицит менен кабыл алынган, айрымдар бул темп уланса, тартыштык болжолдонгондон көп чыгарын эскертишүүдө. Бул тема «Элдик экономика» түрмөгүндө талданды.

Үч айдын жыйынтыгы

Республикалык бюджеттин 2021-жылдын январь-март айына карата аткарылышы жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 19-апрелдеги отурумунда карады.

Анда негизги баяндаманы вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жасады.

Улукбек Кармышаков.
Улукбек Кармышаков.

«2021-жылдын биринчи кварталы үчүн республикалык бюджетке жалпы пландалган сумма 33 млрд. 746 млн. сом болчу. Иш жүзүндө 32 млрд. 352 млн. сом түштү. План 95,9% аткарылды же болбосо 1 млрд. 395 млн. сом түшпөй калды».

Кармышаков айтылган сумманын 25 млрд. сомдон ашыгыраагы салыктык киреше экенин тактады.

Өкмөт өкүлү анын ичинде Салык кызматы топтогон суммасы толук экенин, бирок Бажы кызматынын планы толук аткарылбай калганын маалымдады. Тагыраагы Бажы мекемеси коюлган планды 86,9% аткарган.

Салыктык эмес кирешелер пландан ашыгы менен чыккан, бирок расмий трансферттердин планы 20,9% гана аткарылган. Вице-премьер-министр трансферттер аздыгын мамлекеттик инвестициялык программалардагы тендерлердин кечеңдешине байланыштырды. Ал эми бажыдан түшкөн акчанын азайганын ал мындайча чечмеледи:

«Мунун биринчи себеби экспорт-импорттун төмөндөшү. Бул чек арадагы маселелерден улам болуп жатат. Биринчи кезекте импорт Кытай Республикасы менен, ал эми экспортко кыргыз-казак чек арасында болгон маселелер, биздин жүк ташуучу автоунаалардын кармалышы таасирин тийгизүүдө. Бул чек арадагы маселелер, андан тышкары биздин ичибиздеги тендердик процедураларда да көп көйгөйлөр бар. Ал боюнча премьердин, вицелердин деңгээлинде дагы тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Ошол маселелер чечилсе, экинчи-үчүнчү кварталда биринчи кварталда кетирилген жетишпестиктердин баарын чечебиз деген ойдобуз», - деди Кармышаков.

Суроо-жооп бөлүгүндө депутаттар бажыдан түшкөн каражаттын төмөндөп кеткенине көп көңүл бурду. Алар мунун реалдуу себептери эмнеде экенин жана аны жоюуга байланыштуу кандай чаралар көрүлүп жатканын такып сурашты.

Буга байланыштуу эл өкүлдөрү Тариел Жоробеков менен Сайдулла Нышановдун суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев деталдуу жооп берди:

Кыргызстандын бажысы.
Кыргызстандын бажысы.

«Январь, февраль, март айында министрлик тарабынан бажы төлөмдөрү 9,9 млрд. сом болсо, аткарылганы 8 млрд. 429 млн. сом болду. Мындайча айтканда, 1 млрд. 271 млн. сом казынага түшпөй калды. 2020-жылдын биринчи кварталында мобу пандемия деген балээ болгон эмес. Марттын орто ченинде башталган, январь-февраль айларында чек ара толук кандуу иштеп турган. Эгер былтыр бул айларда «Торугарт» өткөрмө бекетинен 1700-1800 машине өтүп келсе, бүгүнкү күндө 40-50дөн гана машине өтүп жатат. Биздин импорттун 64% Кытай мамлекети менен болгон соода-алака түзөт».

Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданы кайрадан мурдагы калыбына келтирүү же азыркыдан жандантуу маселеси бул жогорку деңгээлдеги «саясий тема» экенин каңкуулагандай болушту. Түз маанисинде маселе президент Садыр Жапаров Бээжинге барып, диалогду жанданткандан кийин түзөлүшү мүмкүн экенин билдиришти.

Бирок бул жагдай дагы канчага чейин созулат жана бажы төлөмү мындан ары да азая береби-жокпу, бул суроонун башы ачык калууда.

Депутат Осмон Турдумамбетов быйылкы көрсөткүчтөр былтыркы сандар менен салыштырылып жатканын сынга алды:

Осмон Турдумамбетов
Осмон Турдумамбетов

«Экинчи кварталдан баштап «былтыркы жылга салыштырмалуу» дегенди токтотсок. Ооба, экономикада базалык жыл деген түшүнүк бар. Бирок эгер салыштыргыбыз келсе, былтыркы жылдан башка жылга салыштырып айталы. Пандемияда токтоп калган нерсени, былтыркыга караганда көп чогулттук деген уят. Анткени былтыр өндүрүш, бизнес, чакан ишкерликтин баары жабык болчу, кийин эле иштей башташкан».

Эл өкүлдөрү каржылардын аздыгынан быйыл пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдиришти. Өкмөт мүчөлөрү «андан көйгөй болбойт» деген мааниде жооп берип турушту.

Мүмкүнчүлүгү чектелген бюджет

Макул, казынанын чама-чаркы маяна менен социалдык төлөмдөрдү бергенге жетет дейли, бирок, өнүгүүгө жумшаганга же жаңы нерселерди курганга жетеби? Эл өкүлдөрү арасында мына ушул жагдай да козголду.

Маселен, депутат айым Бурун Аманова мындай маселе койду:

Бурун Аманова.
Бурун Аманова.

«Капиталдык курулуштардын ичинде бүтпөй калгандары аябай көп болуп жатат. Ошонун ичинде, мына мен кечээ Баткен облусуна иш сапар менен барган учурда күбө болдум, ошол жерден кайрылуу жасашты. Бир эле мектептерден эле 7 имарат толук курулуп бүтпөй, токтоп калыптыр. Анан 120 орундуу мектептерге 540 окуучу бар экен, эртең мененки саат жетиден баштап, кечки саат жетиге чейин, үч нөөмөттөн окуп жатышат. Бүтпөй калган мектептерди бүтүрүүдө өкмөттүн аракеттери кандай болуп жатат?», - деди ал.

Вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков мында көйгөйдү толук мойнуна алып, быйыл бардык мектептерди куруп бүтүрүү мүмкүн эместигине токтолду:

Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

«Абдан туура маселе көтөрдүңүз. Тилекке каршы, республикадагы бүтпөгөн социалдык объектилердин жалпы суммасы 14 млрд. сомдон ашык сумманы түзөт. Эгерде биз анын баарын бүтүрөбүз десек, ушунча каражат табышыбыз керек. Ошол себептүү бүгүнкү күндө биз капиталдык салымдары боюнча 70% ашкан даярдыгы бар мектептерди, бала бакчаларды жана фельдшердик-акушердик пункттарды (ФАП) тизмеге киргизгенбиз. Анан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу берилген авариялык абалдагы мектептер, анан кийин таптакыр эле балдар окуй албай калган мектептерди биринчи кезекте бүтүрөбүз деп жатабыз. Азыр капиталдык курулуштарга бөлүнгөн каражаттар калганын бүтүргөнгө жетпейт. Кошумча каражаттар табылып калса, курулушу 50-60% болуп калган мектептерге киришебиз, бирок жаңыдан мектеп курууга мүмкүнчүлүк жок».

Өкмөт мүчөсү ошентсе да курулбай турган мектептердин санын да, курулуп бүтө турган мектептердин санын да так айткан жок.

Депутат Бурун Аманова кайра ага жооп кылып, анда мектеп, бала бакча жана ФАПтарды курууга даяр болуп жаткан эл аралык уюмдарга жана фонддорго тоскоол болбой, чогуу иш алып барууга чакырды. Эл тескерисинче социалдык объектилерди куруу ниетин билдирген андай фонддор документалдык жактан тоскоолдуктарга кабылып жатканын белгиледи.

Депутат Шайлообек Атазов спортчуларды олимпиадага даярдоого 50 млн. сом каралганын белгилеп, ал сумма качан бөлүнөрүн сурады. Ал спортчулар оюндарга лицензия алыш үчүн карызга сыртка чыгып келип жатканын билдирди. Улукбек Кармышаков бул тармак өкмөттүн приоритети экенин, каражат сөзсүз берилерине ишендирди.

Үч айлык бюджеттин жалпы чыгашасы 36 млрд. 765 млн. сомду түздү. Бул деген сөз пландагы бюджет 88% аткарылды деген сөз. Өкмөт мүчөлөрү калган 12% кесиптик иш сапарга чыгуу, кошумча чыгымдар экенин маалымдады.

Депутат Мурадыл Мадеминов мамлекеттик карыздарды төлөөгө кетип жаткан каражаттардын көптүгүн сынга алды:

Мурадыл Мадеминов
Мурадыл Мадеминов

«Мына карыздарды төлөө боюнча маалыматыңар, 4 млрд. сомдук тышкы карызга силер 1,5 млрд. сом төлөп жатасыңар, 1 млрд. 700 млн. долларлык ички карыз үчүн 1 млрд. сом төлөп жатасыңар. Демек, тышкы карыздар мамлекет үчүн пайдалуу экен да?! Силер ички карызды алып, бюджетти чөгөлөтүп салган турбайсыңарбы?!».

Өкмөт өкүлдөрү тышкы-ички карыздардын мөөнөттөрү жана үстөк пайыздары түрдүүчө экенин, аларды тейлөөгө кеткен каражаттардын ортосундагы айырма ошондон көз каранды экенин түшүндүргөндөй болушту.

Жылдык болжол

Арийне, бюджет боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болот деп мерчемделген.

Эгер салык менен бажы төлөмдөрү кыскарса, ошол эле убакта трансферттердин кирешеси азайса, анда дефицит дагы арбышы мүмкүн.

Бул жүйөнү да депутат Осмон Турдумамбетов комитет жыйынында ортого салды:

«Азыр бул жерде «Салык кызматы планга чыкты, Бажы кызматы чыккан» деген нерселер менен эле чектелип жатабыз. Анда кандай кылабыз, бюджетти кантип толтурабыз? Мына ушул суроолор козголбой жатат. 2021-жылга бюджетти 8,4 млрд. сом дефицит менен кабыл алганбыз. Сиздер биринчи кварталда эле 4 млрд. 400 млн. сом дефицит менен чыгып жатасыздар. Биз иштеп жүрүп билебиз, эң кыйын кварталдар бул үчүнчү-төртүнчү кварталдар. Ошондон улам бул дефицит быйыл көрсөтүлгөн суммадан өтө көп эсе окшойт деп күмөн ой бышып калды».

Албетте, бюджет бул экономиканын күзгүсү. Өндүрүш, товар чыгаруу, алып сатуу жана башка тармактар артка кетсе, мамлекеттик казына да ошончолук кыскара турганы түшүнүктүү.

Мурдараак Улуттук статистика комитети жылдын биринчи кварталына карата баштапкы жыйынтыктарын чыгарып, Кыргызстандын экономикасы 9,4% төмөндөгөнүн жарыялаган. Мунун ичинде өндүрүш, курулуш, тейлөө соода жана башка тармактар да ылдыйлаган.

Экономист Сейдалы Мырзакматовдун оюн угалы:

«Экономика 10% артка кетти дегени туура эле. Иш жүзүндө андан да артка кетиши мүмкүн. Ушундай шартта салыктар кыскарып, бюджеттин дефицити да чоң болору турган иш. Былтыркыдай ишканалар жабылып, карантин чаралары киргизилген жок, бирок ошентсе дагы оңдоп кетүү кыйынга турат. Быйыл жыл жыйынтыгында плюска чыгуу мүмкүн эмес. Ушул деңгээлде кармалып чыкса чоң иш. Негизи мунун баары коронавирустан жана анын айынан ар кандай экономикалык чараларга барган кошуна өлкөлөрдөн, Орусия сыяктуу биздин карым-катышыбыз чоң мамлекеттердин абалынан көз каранды».

Кыргызстандын бюджети былтыр 137 млрд. 100 млн. сом киреше, 172 млрд. 700 млн. сомго чыгаша менен чыккан. Натыйжада дефицит 35,6 млрд. сом болуп, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы рекорддук чекке жеткен.

Мунун көбүн өкмөт сырттан карызга алган 343 млн. доллар менен жапты. Коронавирус менен күрөшүүгө жана экономиканы колдоого байланыштуу Кыргызстан чет элден 774 млн. доллар жардам сураган эле, ошонун ушул бөлүгү гана келди.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG