Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Кытай Кыргызстандын карызын узартып төлөтүүгө үстөк акча кошпой турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө мөөнөтү узартылса үстөк акча кошулбайт. Кытай өкмөтү ушундай чечим кабыл алганын бул өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев менен жолугушуусунда айтканын кыргыз тарап 12-майда кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки министрдин жолугушуусу Кытайдын Сиан шаарында өттү. Анда Кытай Кыргызстандын мамлекеттик карызы боюнча кошумча төлөм албоо тууралуу чечим кабыл алганы айтылды.

Кыргызстан Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү 2020-жылы сунуш кылган.

Бул боюнча Кытайдын жообу кандай болгону азырынча расмий айтыла элек, бирок Кытай сунуш кылып жаткан шартка ылайык кыргыз тарап дээрлик үч миллиард сомго жакын акчаны ашыкча төлөөгө милдеттүү болорун 2020-жылдын 25-ноябрында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте билдирген.

Кыргызстандын соңку эсептеги 4,1 миллиард доллар тышкы карызынын 1,7 миллиарды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (RK)

XS
SM
MD
LG