Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Кытай Кыргызстанга 54 млн долларлык грант бөлмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай өкмөтү Кыргызстанга 54 миллион долларга жакын каражат бөлмөй болду. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев менен Сиан шаарындагы эл аралык жыйын алкагында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүсүндө билдиргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 12-майда кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, грант түрүндө бериле турган бул акча Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

Ошону менен катар Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтү узартылганы үчүн үстөк акча кошпоо, коронавируска каршы күрөшкө жардам берүү, аймактагы коопсуздук тууралуу да сөз болгону кабарланды.

Кыргызстандын экономикасы быйыл жыл башынан бери 9,4% төмөндөдү. Мунун ичинде өндүрүш, курулуш, соода жана башка тармактардагы көрсөткүчтөр да ылдыйлап жатат.

Өлкөнүн соңку эсептеги 4 миллиарддан ашуун долларлык тышкы карызынын 1,7 миллиарды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келери 2020-жылдын күзүндө айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG