Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Казак президенти жерди чет элдиктерге сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жерди чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул мыйзам долбоору өлкөдө бир нече жылдан бери талкууланып, нааразылык акциялары менен коштолгон эле.

Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар, чет элдик ишканалар, чет өлкөлүк үлүшү бар ишканалар, эл аралык уюмдар жана илимий топтор Казакстандын аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатып жана ижарага ала албайт.

2016-жылдын апрелинде Казакстандын бир катар шаарларында жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Анын жүрүшүндө бир нече активисттер кармалып, айрымдары абакка кесилген. Мындан соң жерди чет өлкөлүктөргө сатууга беш жылдык мораторий киргизилген. Мораторийдин мөөнөтү быйыл жайында бүтмөк.

Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаев быйыл февралда жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG