Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ооганстанда Орозо айттын урматына ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди


Ооганстандын президенти Ашраф Гани Орозо айттын айттын урманы тизилген ардактуу караулдун жанында басып баратат. 13-май, 2021-жыл
Ооганстандын президенти Ашраф Гани Орозо айттын айттын урманы тизилген ардактуу караулдун жанында басып баратат. 13-май, 2021-жыл

Ооганстанда Орозо айттын урматына үч күнгө ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди. Мусулмандардын бул ыйык майрамынын алдында өкмөттүк күчтөр жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү ок атышпоону макулдашкан. 13-майда эртең менен өлкөдөгү бир катар аймактарда айт намазы окулду. Ал эми ооган президенти Ашраф Гани айттын алдындагы кайрылуусунда талибдерди ок атууну биротоло токтотууга чакырды.

“Биз силерди багынып бергиле деп үндөбөйбүз, биз силерди саясий чечим кабыл алууга чакырабыз. Согуш көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес”.

Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр 2020-жылы сентябрда Катарда башталган. Бирок соңку мезгилде бул сүйлөшүү ийгиликсиз болуп, өлкөдө кырдаал курчуп кетти. 11-майда талибдер Кабулга жакын жердеги Нарх районун басып алганы белгилүү болду.

Ооганстандагы мындай кырдаал туура 20 жылдан бери коопсуздукка көз калган АКШ баш болгон эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылып жаткан учурга туш келди. Кошмо Штаттардын бийлиги аскерлерди Ооганстандан расмий түрдө 1-майдан тартып чыгара баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG