Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Блинкен Лавровго АКШ Орусиянын агрессиясына жооп кайтарын айтты


АКШ жана Орусиянын желектери
АКШ жана Орусиянын желектери

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Москванын Кошмо Штаттарга агрессиясына президент Жо Байдендин администрациясы жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу эки өлкөнүн башкы дипломаттарынын телефондук сүйлөшүүлөрүн комментарийлеп жатып, Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Нед Прайс билдирди.

«Мамлекеттик катчы Блинкен президент Байдендин Орусиянын бизге жана өнөктөштөрүбүзгө зыян келтирген аракеттерине каршы АКШнын жарандарын жана алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча чечкиндүүлүгүн билдирди»,-деди Прайс.

Блинкен менен Лавров 12-майда телефондон сүйлөштү. Бул сүйлөшүү АКШ менен Орусиянын ортосунда Украина, Крым, орусиялык хакерлердин Америкадагы мунай түтүгүнө чабуулу сыяктуу бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер күчөп турган учурга туш келди.

Эки өлкөнүн башкы дипломаттары кийинки аптада Исландиянын борбору Рейкьявиктеги Арктика саммитинин алкагында көзмө-көз жолугуп, сүйлөшүү өткөрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG