Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

АКШ Шинжаңдагы дин тутуу эркиндигин чектегени үчүн Кытайды айыптады


АКШнын Мамлекеттик департаменти дин тутуу эркиндиги жаатында 12-майда жарыяланган баяндамасында Кытайдын уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандарга жасаган мамилесин «геноцидге» теңеп, айыптады.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен баяндамада айтылгандарды колдонуп, «Адам укуктарынын башка багыттары корголбогон шартта дин тутуу эркиндиги толук сакталбайт. Мамлекет бийликтери өз жарандарынын дин тутуу эркиндигин бузса бул бардык адам укуктарын коркунучка кептейт»,-деп билдирди. Кошмо Штаттардан Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурлар баштаган мусулман жаматтарына карата саясатын сындап келе жатат.

2021-жылдын башында АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын администрациясы Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын адамзатына каршы кылмыш жана геноцид деп атаган. Блинкен Байдендин администрациясы бул позицияга макул экенин билдирген.

Мамдепартаменттин жогорку даражалуу өкүлү Даниэл Надель Шинжаңдагы кырдаалды Кытай өкмөтүнүн «аймакты ачык асман алдындагы түрмөгө айлантуу аракети сыяктанат» деп сүрөттөдү.

Мамкатчы Блинкен өз сөзүндө Иран, Мьянма, Орусия, Нигерия жана Сауд Арабиясындагы дин тутуу эркиндигин бузуу тууралуу айтып өттү.

«Орусияда бийлик Жахаба күбөлөрүн кармоону жана алардын мүлкүн тартып алууну улантып жатат. Ошондой эле экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен мусулман азчылыктарын да камоо уланууда»,-деди Блинкен.

Мамлекеттик департаменттин баяндамадасында Орусия диний ишенимдери үчүн адамдары куугунтуктап, камап, кыйнап жана мүлкүн тартып алууну улантып жатканы баяндалган. Мамкатчы ошондой эле жалпы дүйнөдө, анын ичинде АКШ менен Европада жөөттөргө жана мусулмандарга каршы риторикалар көбөйүп баратканына токтолду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG