Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

"Дордойдогу" ишкерлердин товары алгачкы жолу поезд менен ташылып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлердин 47 контейнерлик товары жүктөлгөн поезддер Үрүмчүдөн Казакстан аркылуу Бишкекке келди. 8-февралда поезддерди тосуп алуу иш-чарасына биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков катышты.

Анын айтымында, кыргыз тарап мындан ары айына жүздөй, кийин миңдей контейнер алып келүүнү уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат:

“Казакстандагы, Кытайдагы өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен ачып жаткан бул транзиттик маршрутубуз ишкерлерибиз кайрадан жумуш ордуна кайтуусуна өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз".

Новиков белгилегендей, буга чейин темир жол аркылуу мындай көлөмдө товар ташылчу эмес.

Бүгүн “Аламүдүн” станциясына түз экспресс менен келген товарын кыргызстандык соодагерлер дээрлик бир жылдан бери күтүп келишкен. Алар “Дордой” базарында иштегендер жана башка ишкерлер.

Мурда Кытайдан товар автомашина менен ташылчу, бирок коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып калгандыктан соодагерлер товарын алып келе албай жатышкан.

Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Кытайдан товар ташыган ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөй албай турушканын былтыр күзүндө айткан. Ал кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын билдирген. Кытайдан күткөн товары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин төртүнчү жолку ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, алар бизнесин токтотуп жатышканын маалымдаган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы чектөө коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген. Кийин кыргыз тарап чектөөлөрдү алган. (RK)

XS
SM
MD
LG