Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Кумтөргө тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам күчүнө кирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди. Президент Садыр Жапаров «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 14-майда кабарлады.

6-майда бул мыйзамдын долбоору парламентте кабыл алынган. Анда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG