Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Ооганстанда ок атууну токтотуу макулдашуусуна карабай жардыруудан 11 адам мерт болду


Ооганстандагы айт намаз
Ооганстандагы айт намаз

Ооганстанда орозо айтка байланыштуу ок атууну токтотуу режими күчүнө киргенден бир нече саат өтпөй төрт жерде бомба жарылып, кеминде 11 адам набыт болду. Ондон ашык адам жараат алды. Өлкө түштүгүндөгү Кандагар провинциясында Панжавай районунда жол боюна катылган бомбанын жарылуусунан беш киши каза болду. Алардын ичинде балдар жана аялдар бар.

Ошондой эле Майванд районундагы жардыруудан беш киши, Кундуз аймагындагы жардыруудан дагы эки адам ажал тапты. Бул теракттар үчүн жардырууну эч ким моюнуна ала элек.

Ооганстанда Орозо айттын урматына 13-майдан тарта үч күнгө ок атууну токтотуу режими күчүнө кирген. Мусулмандардын бул ыйык майрамынын алдында өкмөттүк күчтөр жана “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү ок атышпоону макулдашкан.

Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр 2020-жылы сентябрда Катарда башталган. Бирок соңку мезгилде бул сүйлөшүү ийгиликсиз болуп, өлкөдө кырдаал курчуп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG