Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Кремль Донецк жана Луганскты кошуп алуу планын четке какты


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Орусия Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү Луганск жана Донецк облустарын өзүнө кошуп албайт. Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Bloomberg" басылмасынын макаласы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Орус бийлиги Донбассты өзүнө кошуп алуу же Украина менен согуш боюнча планын четке кагып келген. Бирок апрель айында орус-украин чек арасында абал чыңалган учурда Кремлдеги таасирдүү аткаминерлердин бири, президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Дмитрий Козак Орусия мурдагы ойлорунан баш тартышы мүмкүн экенин эскерткен.

Bloomberg басылмасынын макаласында Евробиримдик Донбасстагы кырдаалды талкуулоону көздөп жатканы айтылат.

Анда орус бийлиги Луганск менен Донецкте шайлоо өткөрүп, жергиликтүү тургундарга орус паспортун берүү аркылуу Украинанын бул аймактарын Орусияга кошуп алуу ниетин көздөп жатканы белгиленген.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан бери куралдуу чатак уланып келет. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган соң Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары орусиячыл жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13 200дөй адам каза болду.

Көптөгөн айныксыз далилдерге карабастан Орусия жикчилдерге жардам бергенин четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG