Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

COVID-19: Чектөө менен коштолгон Орозо айт


Минскидеги мечит, 13-май 2021-жыл
Минскидеги мечит, 13-май 2021-жыл

Дүйнө мусулмандары экинчи жыл катары менен Орозо айтты пандемиянын шартында белгилеп жатышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө 13-майда башталган майрамдык иш-чаралар бир нече күнгө созулат. COVID-19 илдетинен улам айрым жерлерде бир катар чектөөлөр, карантиндик чаралар кала берүүдө.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Индонезиянын өкмөтү быйыл да элдин эки жакка каттоосуна тыюу салды. Адатта жер-жерлерде иштеген он миллиондогон адам айтта жакындарына жөнөп, чоң шаарлардан айыл жергесине агылышат. Коронавируска чалдыккандар көп катталган кээ бир аймактарда мечиттер, анын ичинде Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң чөң Истиклал мечити жабык турат. Намазга уруксат берген жайларга келгендер беткап тагынууга милдеттүү.

Башкалаа Жакартада соода борборлору, ресторандар, эс алуу жайлары да майрам күндөрү иштебейт. Индонезияда бир миллион 700 миңдей киши коронавирусту жугузуп алган. 45 миңден көп киши илдеттен көз жумду.

Куала-Лумпур, 13-май, 2021-жыл
Куала-Лумпур, 13-май, 2021-жыл

Малайзияны инфекциянын экинчи толкуну каптап, коронавирустун жаңы штаммдарынан өлгөндөр көбөйгөндүктөн, апта башында өкмөт жалпы өлкөдө карантин жарыялаган.

Бангладеште илдеттин жайылышына карабай миллиондогон киши чектөөлөрдү бузуп, айтты майрамдоо үчүн элет жериндеги үйлөрүнө жөнөштү.

200 миллиондой мусулман байырлаган Индияда диниятчылар COVID-19 кризиси күчөп жаткандыктан Орозо айтта эки жакка чыкпоого үндөштү. Бир топ штаттардын жетекчилери буга чейин эле чектөөчү чараларды киргизишкен. Соодагерлер кардарлар демейдегиден аз болуп, кирешесиз калганын айтып даттанышат.

Ирак дагы карантин шартында жашап келатат. Бирок маалыматтарга караганда, эрежелерди бузгандар көп, көчөлөр, дүкөндөр мурункудай эле кымгуут түшүп жатат.

Элдин топтолушун алдын алуу үчүн Египет бийлиги 21-майга чейин соода түйүндөрү кечки саат 9да жабылсын деген чечим кабыл алган. Ал эми Тунисте коменданттык саат жана эки жакка чыгууга салынган тыюу 16-майда аяктамакчы.

Түркия айттан кийин акырындык менен карантинди алууну пландап жатат. Бул тууралуу 12-майда президент Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

"Пандемияга байланыштуу майрамды бул жолу адаттагыдай тоспогонубуз менен, алдыда дагы нечендеген жакшы күндөр бар", - деди президент.

Карантин Түркияда апрелдин аягында кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG