Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстандык ырчы президенттикке аттанды


Жахонгир Атажанов.
Жахонгир Атажанов.

Былтыр музыкалык карьерасын токтоткон өзбекстандык белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов 12-майда Түркиядан Өзбекстанга кайтып барды. Ал буга чейин оппозициячыл "Эрк" демократиялык партиясынын талапкери катары октябрда өтө турган президенттик шайлоого ат салышарын кабарлаган болчу.

Шаршембиде Түркиянын Стамбул шаарынан Ташкентке учуп келген өзбекстандык белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов "Инстаграмдагы" баракчасынан кийинки президенттик шайлоого аттанарын кабарлады.

"Өзбекстанда биринчи кезекте "Эрк" демократиялык партиясын жандандыруу керек. Ошол себептен мен Өзбекстанга кайтып келдим. Менин максатым - президент болуу, артка жол жок".

Жахонгир Атажанов тарапташтары менен. Ташкент шаары. 12-май, 2021-жыл.
Жахонгир Атажанов тарапташтары менен. Ташкент шаары. 12-май, 2021-жыл.

Ал ошондой эле "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, Ташкент аэропортунда эч кандай кысымга туш болбогонун кошумчалады.

"Мен бир аз кооптондум, бирок Ташкенттин аэропортуна келгенде коркуу сезими жоголуп кетти. Мурда мен ырчы болгондуктан бардыгы мени таанышат. Азыр шүгүр, мен Ташкенттеги үйүмдө отурам. Мени эки жумага обсервацияга алышты. Карантин бүткөндөн кийин биз "Эрк" демократиялык партиясынын активисттери менен жолугушуп, ишти баштайбыз".

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов былтыр музыкалык карьерасын токтотконун, январь айында саясатка бел байлап, президенттик шайлоого аттанарын билдирген. Көп өтпөй Атажановдун Ташкент шаарындагы кеңсесине белгисиз аялдар келип, "бул жер сойкукана экенин жана маңзаттар сатыларын" айтып полицияны чакырышкан.

Жахонгир Атажанов Өзбекстандагы кысымдарга чыдабай үй-бүлөсү менен үстүбүздөгү жылдын март айында Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.

Ага Түркияда да кысым көбөйүп, белгисиз адамдар ага "сенин башың үчүн акча сунушташкан" деп коркутуп кетишкен. Атажанов алардын үстүнөн Стамбул шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган.

"Шариаттын мыйзамдарына каршы келгендиктен" сахнадан кеткен Жахонгир Атажановдун Өзбекстанда өтө турган президенттик шайлоого катышам деген билдирүүсү ар кандай мааниде кабыл алынды. Анткени Өзбекстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алышат.

Мындан улам Атажанов жаңы партия түзүү идеясынан баш тартканын жана Өзбекстандын биринчи оппозициялык партиясы болгон "Эрк" демократиялык партиясы менен шайлоого бел байлаганын билдирген.

Ал эми бул партиянын бозгундагы лидери, белгилүү акын Мухаммед Салих Атажановдун талапкерлигин толугу менен колдорун айтат.

Мухаммед Салих.
Мухаммед Салих.

"Мен президенттик шайлоого катыша албайм. Анткени мага мекениме кайтууга уруксат берилген жок. Ошондуктан биздин партия Өзбекстанда туруктуу жашап жаткан башка талапкер менен шайлоого барарын чечтик".

Ал арада Жахонгир Атажанов "Эрк" демократиялык партиянын талапкери катары шайлоодо жеңишке жетерине ишенерин айткан.

"Мен саясий партиянын мүчөсү катары өз ишмердүүлүгүмдү баштай албайм. Бул партиянын өзүнүн кадыр-баркы бар. Ошондой эле 1990-жылдары Өзбекстандын эгемендүү болушуна жардам берди. Ошол жылдары партия Өзбекстанда расмий каттоодон өткөн. Менин максатым - ушул партияны парламентке алып келип, президент болуп шайлануу" деп билдирген Атажанов.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Эрк" демократиялык партиясынын активисттеринин былтыр партиянын иштешине уруксат берүү боюнча кайрылуусун четке каккан. Партиянын активисттеринин тобун кабыл алган өлкөнүн юстиция министри Русланбек Давлетов аларды партия "тарыхта калганын" айтып ишендирүүгө аракет кылган. Ал эми өзбекстандык оппозициячыл активисттердин айтымында, партиянын уставы 1991-жылдын сентябрь айында расмий катталган жана ал жокко чыгарылган эмес.

Өзбекстандын учурдагы шайлоо мыйзамдары талапкерлерди көз карандысыз демилгелүү топтор тарабынан шайлоого көрсөтүлүшүнө жол бербейт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылы 24-октябрында өтөт. Бирок расмий талапкерлердин аты дагы деле болсо белгисиз.

Президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө ат салышары айтылган.

Ал ортодо Өзбекстанда жаңы түзүлгөн оппозициялык "Хакикат" жана "Тараккиёт" партияларынын лидери Хыдырназар Аллакуловго "Жалган жалаа" беренеси боюнча айып тагылып, өткөн аптада камакка алынган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG