Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Атажанов: «Шариатка каршы келгендиктен ырдабайм»


Жахонгир Атажанов.
Жахонгир Атажанов.

Өзбекстандык белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов «шариаттын мыйзамдарына каршы келгендиктен» музыкалык карьерасын токтотуп жатканын билдирди.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов 10-декабрда «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган эки мүнөттүк видео кайрылуусунда бул анын акыркы чечими экенин белгилеген. Андан соң баракчасындагы бардык ырларын өчүрүп, музыка «арам» экенин жазды:

«Мени ушундай деңгээлге алып келген сүйүктүү кесибимди таштап, шоу-бизнестен кетип жатам. Ушул кесиптин арты менен элимдин урмат-сыйына ээ болдум. Эми шариатка туура келбегендиктен Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кесибимди таштоону чечтим. Менин күйөрмандарыма көп жылдар бою ырларымды угуп, кол чаап бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Көңүл бурганыңыз жана урматтаганыңыз үчүн рахмат. Аллах баарыңарга ыраазы болсун. Ошондой эле мага жана чыгармачылыгыма нааразы болгон досторума жана мекендештериме ден соолук каалайм. Мени кечирип койгула».

Анын бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Кинорежиссёр жана фотограф Умида Ахмедова мындай билдирүүлөр «консерваториянын жана театр индустриясынын кыйрашына» алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Германияда жашаган социология илимдеринин доктору, өзбекстандык Хуршид Хабибдин айтымында, Атажанов «социалдык түйүндөрдүн ашыкча динчил сегментинин басымынан улам» ушундай чечим кабыл алды деп жоромолдойт:

«Жахонгир Атажановдун чыгармачылыктан кетишинин эки себеби бар. Чыгармачыл кризис жана социалдык тармактардын кысымы. Бирок көптөгөн чыгармачыл адамдар соцтармактардын психологиясын түшүнүшпөйт, аларга кысым көрсөтүлүп жатат. Чыгармачыл адам социалдык тармактардан алыс болушу керек деген теория бар. Бул жөнүндө дарыгерлер да, психологдор да айтышат. Булар - исламдашуу процессинин терс таасирлери жана кесепеттери. Чыгармачыл адамдар мамлекеттин колдоосун сезишпейт. Себеби бизде чыгармачыл адамдарды өз канатынын астына ала турган олуттуу дүйнөбий катмар жок».

Хабиб коронавирус пандемиясынан улам чыгармачыл инсандардын концерттери өтпөй калганын белгиледи. Ушул күндөрү артисттер тар чөйрөдө да концерт коюп, акча таба албай калышты. «Пандемия ырчыларды күнүгө Интернетте отурууга жана сынга кабылууга аргасыз кылды» дейт Хуршид Хабиб.

Жахонгир Атажановдун «музыка арам» деген сөзү өзбек сахнасынын башка өкүлдөрүн да нааразы кылды. Ырчы жана музыкант Дилнур Камилов Атажоновдун билдирүүсү музыка ышкыбоздоруна карата кыянаттык деген оюн билдирди.

«Шариат мыйзамдарына таянып, бүтүндөй музыкалык индустрияны жок кылуу уят. Өзбекстан - дүйнөбий мамлекет. Ал эми Атажановдун «ырчылар күнөөкөр» дегени - сахнада чыгармачылык менен алектенип жүргөн артисттерге кыянаттык деп ойлойм».

Теология илимдеринин доктору Элмурат Кочкор уулу «Ырчылык арамбы?» деген суроого так кесе жооп кайтарды:

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

«Жок, арам эмес. Бир гана критерий бар: музыка адамга пайдалуу болушу керек. Мисалы, ата-эне, мекен, бир тууган, ошол эле сүйүү темалары. Булар жакшы нерсе. Адамдын ичиндеги сезимдерди калыптандырат. Ушундай маанидеги ырларга, музыкага шариат тыюу салбайт. Ошондой эле илахилер бар, алар Кудайды, пайгамбарды даңктаган ырлар. Алар деле жети нота менен ырдалат. Эч кандай айырмасы жок. Шариатта арам деген менен ал көп учурда Куран жана сүннөттүн түз тыюусу деп айтуу мүмкүн эмес. «Музыка укса намаз окубай калат», «ыйманы солгундап кетет» деп айрымдар муну арам деп түшүнүшөт».

Жахонгир Атажанов - диний көз караштарынан улам искусстводон кеткен алгачкы өзбек ырчысы эмес. Буга чейин бул өлкөдө чыгармачылыгын таштап, диний чөйрөгө ооп кеткен артисттер болгон. Мисалы, «Данияр Файз» деген каймана ат менен чыккан ырчы Данияр Ташмухамедов бир кезде өзбек жаштарынын сүйүктүү ырчысы болгон. Азыр болсо Ташмухамедов Ташкенттеги мечиттердин биринде азанчы болуп кызмат кылат.

Ошондой эле эки жума мурда белгилүү «Уммон» жаштар тобунун солисти Шохрух да «шариатта ырдоого тыюу салынат» деп, музыкалык карьерасын токтотконун жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG