Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Өзбекстан: шайлоо алдында блогерлерге кысым күчөдү


Шавкат Мирзиёев журналисттер менен. Наманган шаары. 2021-жыл.
Шавкат Мирзиёев журналисттер менен. Наманган шаары. 2021-жыл.

3-май - Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү бир нече эл аралык уюм Өзбекстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдиришти.

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитетинин" Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид 28-апрелде "Өзбекстанда октябрь айында өтчү президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик мыйзамдарга киргизилген бир катар жаңы өзгөртүүлөрдүн жардамы менен эркин ой билдирүүнү көзөмөлдөгүсү келет" деп билдирди.

Гулноза Саид.
Гулноза Саид.

Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарган авторитардык лидер Ислам Каримов каза болгондон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин тушунда басма сөз эркиндиги салыштырмалуу жакшырган. Мирзиёев башкарган алгачкы төрт жыл ичинде көз карандысыз интернет басылмалары түзүлүп, миллиондогон окурмандардын кызыгуусун арттырды.

Социалдык тармактарда өзбек блогерлер пайда болуп, алардын аудиториясы интернет басылмаларга караганда көбүрөөк болгону байкалган.

Бирок Мирзиёевдин биринчи мөөнөтү аяктап, президенттик шайлоо жакындаган сайын Өзбекстанда басма сөзгө кысым күч алганы айтылууда. Бул көрүнүш акыркы төрт жылда Өзбекстандагы сөз эркиндигин колдогон эл аралык маалымат каражаттарын тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун билдирүүсүндө журналисттер менен блогерлер тынымсыз куугунтукталып жаткандыгы айтылган.

"Куугунтуктоо жана цензура учурлары катталган. Өкмөт азыр да басма сөздү тыкыр көзөмөлдөп турат. Блогерлер коркутууга жана кысымга дуушар болууда. Өкмөт чет өлкөлүк жана бозгундагы журналисттер үчүн эшигин ачты, бирок кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна аккредитация алуу кыйын бойдон калууда".

Ал арада Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Ташкентте иштеген польшалык журналист Агнешка Пикулицкага ушул жылдын февраль айында аккредитация берген. Пикулицканын айтымында, аккредитация жараяны жеңилдетилген. Бирок бул жараянга жооптуу системанын чет элдик журналисттерге мамилеси дагы деле болсо өзгөргөн жок. Буга чейин Пикулицка Тышкы иштер министрлигинин кызматкери ага "Өзбекстан жөнүндө жалаң оң маанайдагы макалаларды жазасың" деп басым көрсөткөнүн айтып чыккан.

Агнешка Пикулицка.
Агнешка Пикулицка.

Өзбекстанда акыркы эки жылда видеоблог өнүккөн. Айрыкча "YouTube" жана "Телеграмда" өкмөттү сындаган блогерлер көбөйдү. Ошондой эле президент Шавкат Мирзиёев блогерлерге колдоо көрсөтөрүн убада кылып, "аткаминерлерди сындагыла" деген.

“Сындаңыз! Алардын аттарын, сүрөттөрүн чыгарып, "Эмнеге мындай кылбайсыз?" деп жазгыла. Баарына көрсөткүлө. Мунун үч-төрт чечимге караганда чоң таасири бар. Силерде чоң күч бар”.

Бирок башында салыштырмалуу эркин болгон өзбекстандык блогерлерди бийлик шайлоо алдында да куугунтукка алып, айрымдарына кысым көрсөтүп жатат.

Тактап айтканда, өзбек өкмөтүн сынга алып, ЛГБТнын укугун колдоп сүйлөгөн сөздөрү менен белгилүү болгон Миразиз Базаровду Ички иштер министрлиги суракка алды.

Ошол эле учурда, дагы бир белгилүү блогер Отабек Сатторий камакка алынган. Ага «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча айыптар тагылган. “Telegram” жана “YouTube” каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблогду алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн.

Шавкат Мирзиёев жаштар менен.
Шавкат Мирзиёев жаштар менен.

Учурда өзбек басма сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылганда, көптөгөн журналисттер, серепчилер жана коомдук активисттер бул эркиндик чектелгенин белгилешет. Мисалы, президент Мирзиёев жана анын үй-бүлөсү же аткаминерлер аралашкан коррупция жана мыйзамсыз иштер боюнча айыптоолор расмий же көз карандысыз жергиликтүү медиада чагылдырылбайт.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун билдирүүсүндө Өзбекстанда "жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди сындоо дагы деле мүмкүн эмес" деп айтылат. Ошондой эле бул уюмдун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги” индексинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 156-орунда турат.

Ал арада Өзбекстанда "Маалымат жөнүндө" мыйзамга, Кылмыш жана Административдик кодекстерге киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр президент Шавкат Мирзиёев кол койгондон кийин 31-мартта күчүнө кирген.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, президентти каралаган, ушактаган маалыматтар үчүн жана "массалык башаламандыктарга" онлайн чакыргандар үчүн абак жазасы каралган. Ошондой эле башаламандыкка жана зордук-зомбулукка шыкактоо үчүн да кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Мындайга баргандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылы 24-октябрында өтөт. Мирзиёев экинчи мөөнөткө ат салышары айтылган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG