Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги польшалык журналисттен кечирим сурады


Агнешка Пикулицка-Вильчевска
Агнешка Пикулицка-Вильчевска

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги польшалык журналисттен кечирим сурады. Ага чейин Агнешка Пикулицка-Вильчевска министрликтин кызматкери асылып, "Өзбекстан жөнүндө жалаң оң маанайдагы макалаларды жазасың" деп басым көрсөткөнүн айтып чыккан. Андай болбосо, мамлекеттик кызматкер чет элдик журналисттин Өзбекстанда иштешине уруксат берген каттоо документи узартылбай турганын эскерткен.

Тышкы иштер министрлиги журналист айтып чыккан кызматкер жумуштан бошотулганын билдирди.

Агнешка Пикулицка-Вильчевска "The Guardian", "Al Jazeera", "The Diplomat", "Eurasianet" сыяктуу басылмалар менен кызматташкан көз карандысыз журналист.

Ал 1-февралда "Твиттердеги" баракчасына бир нече айдан бери Өзбекстандагы аккредитациялык күбөлүгүн узарта албай келгенин жазып чыккан. Ал эми бул иш менен алектенген Тышкы иштер министрлигинин кызматкери ыдык көрсөткөнүн да билдирген.

Бул окуядан соң Өзбекстандын Британиядагы элчиси, "Human Rights Watch" уюмунун өкүлдөрү нааразылыгын билдирип, Ташкентти журналист туш болгон кысымды иликтөөгө чакырган болчу.

Бүгүн Агнешка Пикулицка-Вильчевска Өзбекстандагы аккредитациялык күбөлүгү узартылганын жазды.

XS
SM
MD
LG