Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Өзбек прокурорлору блогер Сатториге 11 жыл сурады


Блогер Отабек Саттори.
Блогер Отабек Саттори.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун прокурорлору акча талап кылууга шектелген блогер Отабек Сатторини 11 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Музрабад райондук сотунда 4-майда өткөн отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай турганын билдирди. Сот 10-майда улана турган болду.

“Telegram” жана “YouTube” каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар бийликти Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга үндөшкөн. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында “ойдон чыгарылган” деп эсептешет.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги” индексинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 156-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG