Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Жапаров менен Мирзиёев эки өлкө мамилесин жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны талкуулашты


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. 2021-жылдын 11-марты. Ташкент шаары.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. 2021-жылдын 11-марты. Ташкент шаары.

Бүгүн 13-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, алар Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоолорун айтып, эки тараптуу жана аймактык кызматташтык менен катар кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги акыркы окуяларды талкуулашты.

Жапаров Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле президенттер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселесин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.

Быйыл март айында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып, жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки лидер ортодогу чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканын билдиришкен.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG