Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3.9% азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы жана ички соода жүгүртүүсү 1,4 миллиард долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,9 пайызга артка кетти.

Ал эми Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) рыногундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 674 миллион доллар болуп, былтыркы көрсөткүчтөн 5,3% төмөндөгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.

Ага ылайык, акыркы төрт айда экспорт 8,9 пайызга, импорт - 1,5 пайызга азайды.

Статистика комитети Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт айда 3,8% начарлаганын билдирди. Расмий маалыматка караганда быйылкы январь-апрель айларында Кыргызстанда ички дүң өнүмү 166,1 миллиард сомду түзгөн.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган.

Азия өнүктүрүү банкынын соңку баяндамасында чек аралар ачылып, камсыздоо тармактары калыбына келген сайын Кыргызстандын экономикасы 2021-жылы акырындык менен калыбына келип, 2022-жылы тездери айтылган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG