Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Президент: Орозодо өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жараткан окуялар болду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 13-майда кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчынын куттуктоосунда Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдардын бири экени айтылат. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алары белгиленген.

«Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болуп өттү. Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем», - деди президент.

Кыргызстандыктар бүгүн Орозо айт майрамын белгилеп жатат. Орозо - Ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Шарият эрежесине ылайык, Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Бул ай Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку кырдаалдан улам Орозо айт намазы быйыл Бишкекте эски аянтта окулган жок. Айт намазы өлкө аймагында мечиттерде окулду.

28-29-30-апрелде жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашуун адам жараат алды.

Тажик тараптан 19 адам каза болгону, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG