Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Тажикстандагы селден тогуз адам каза тапты


Селден жабыркаган турак жайлар. Куляб шаары. 11-май, 2021-жыл.
Селден жабыркаган турак жайлар. Куляб шаары. 11-май, 2021-жыл.

Тажик бийлиги 11-майда өлкөнүн айрым аймактарындагы селден кеминде тогуз адам каза болуп, 15 район жабыркаганын кабарлады. Шаршембиде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жамгыр негизинен Хатлон жана Куляб облустарынын аймактарын жууп кеткенин билдирди.

11-майда нөшөрлөп жааган жамгыр Тажикстандын чыгышында жайгашкан Сангвор жана Рашт райондорунун айылдарына зыян келтирип, үйлөрдү жана автоунааларды сел агызып кеткен.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Куляб-Дүйшөмбү автоунаа жолун суу каптап, транспорт каражаттарынын кыймылы токтогон.

Куляб аймактык башкармалыгынын өкүлү жаратылыш кырсыгынан кеминде 80 турак жай зыянга учураганын билдирди.

Селден жабыркаган жолдор. Куляб шаары. 11-май,2021-жыл.
Селден жабыркаган жолдор. Куляб шаары. 11-май,2021-жыл.

Табигый кырсыктан тогуз адам каза болуп, 15 район жабыркаганы расмий кабарланды, бирок каза болгондордун аты-жөнү белгисиз бойдон калууда. Каза болгондордун арасында өспүрүм бар экени айтылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи селден жабыркагандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

"Каза болгондордун сөөгүн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тапты. Бул так сан эмес, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн", - деди Юсуфи.

Министрлик сел Дангара-Леваканд автоунаа жолундагы көпүрөнү алып кеткенин билдирди. Тилсиз жоо аймакка жакын айылдардын айдоо жерлерин да жууп кеткен.

Шейшембидеги жаандан улам пайда болгон суу ташкыны Тажикстандын Куляб шаарын чыгымга учуратканы расмий кабарланды. Сел шаардын тогуз районун каптап, айдоо аянттарына зыян келтирген.

12-майда эртең менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, ички иштер министри, транспорт министри жана өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы Кулябга жөнөп кеткени кабарланды. Кырдаал менен таанышкан аткаминерлер Куляб шаарында премьер-министрдин төрагалыгы астында жыйын өткөрө турганы күтүлүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоодо. Ошол эле учурда тажик бийлиги 14-майга чейин нөшөрлөп жааган жамгыр жана сел жүрүү коркунучу жогору экендигин, андыктан жарандар этият болушу керектигин эскерткен.

Ал арада "Азаттык" радиосунун тажик кызматынын ишенимдүү булагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын жана кырдаал министрликтин көзөмөлүндө экенин билдирген. Бирок селден жабыркаган аймактардын айрым тургундары азырынча керектүү жардамды ала электигин айтышкан.

Тажикстанда 1992-2020-жылдар аралыгында суу ташкыны, сел, жер титирөө жана жер көчкү өңдүү кырсыктар 7 миллионго жакын адамга залакасын тийгизип, өлкө экономикасына 2 миллиард долларга жакын чыгым алып келген.

Учурда Кыргызстандын түштүк аймактары дагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тартууда. 7-майга караган түнү Баткен облусунун Кадамжайдын Ак-Турпак айыл аймагындагы Кайтпас, Торговый жана Өрүкзар кыштактарын суу каптоо коркунучу жаралып, 1500 адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Торговый айылынын жолдорун, коомдук тамактануучу жайдын жана дүкөндөрдү сел каптаган.

Кадамжай. 7-май, 2021-жыл.
Кадамжай. 7-май, 2021-жыл.

11-майда Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылында жаандан кийин тоодо сел жүрүп, мал кайтарып жүргөн бала агып кеткен. Аны туугандары таап алып ооруканага алып барганда чарчап калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кара-Кулжа районундагы 8-10-11-майдагы жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, райондогу 200гө жакын үйгө суу кирген. Сел Кара-Гуз айыл өкмөтүндөгү алты айылды бириктирген көпүрөнү алып кеткен. Натыйжада аталган айыл өкмөттөгү эки айылдын каттамы токтогон. Учурда атайын техника менен айланма жолду куруу иштери жүрүүдө.​

Кыргызгидромет 12-майда айрым аймактарда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG