Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Босниялык сербдердин мурдагы лидери калган жаза мөөнөтүн Британиядагы абакта өтөйт


Радован Каражич
Радован Каражич

Босниялык сербдердин мурдагы лидери, Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылган Радован Каражич абактагы калган мөөнөтүн Британияда өтөйт. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Каражичти өз өлкөсүндөгү түрмөгө которууга макул болгонун билдирип, “геноцид үчүн айыптуу деп табылган аз адамдын бири”-деп атады.

Британ Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматта “ал Сребреницадагы геноцид учурунда балдар, аялдар баштаган адамдарды массалык өлтүрүү үчүн жана тынч адамдарга ырайымсыз кол салууга жардам берүүгө жооптуу адам”,-деп айтылат.

Радован Каражич Босния менен Герцеговинадагы жарандык согуш убагында босниялык сербдердин саясий лидери болгон. Ал 2008-жылы Белградда кармалып, Гаагага жеткирилген.

2016-жылы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан. Ал сот чечимине макул болбой Гаага сотуна апелляциялык арыз жазган.

2019-жылы анын арызын караган Эл аралык кылмыш соту мурдагы өкүм «жумшак» болуп калган деп таап, өмүр бою соттогон.

Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG