Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Каражич трибуналдын чечими боюнча аппеляциялык арыз менен кайрылды


Босниялык сербдердин мурдагы лидери, БУУнун Эл аралык трибуналы тарабынан 40 жылга эркинен ажыратылган Радован Каражич.
Босниялык сербдердин мурдагы лидери, БУУнун Эл аралык трибуналы тарабынан 40 жылга эркинен ажыратылган Радован Каражич.

Босниялык сербдердин мурдагы лидери, БУУНун Эл аралык трибуналы тарабынан 40 жылга эркинен ажыратылган Радован Каражич ага чыгарылган өкүм боюнча аппеляциялык арыз менен кайрылды. Каражич өз арызында сот чечим чыгарууда элүүдөй ката кетиргенин жазат.

Каражичтин адвокаты Питер Робинсон 22-июлда Гаагада жасаган билдирүүсүндө сот адилетсиз өткөнүн билдирди.

24-мартта мурдагы Югославия боюнча БУУнун эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана өткөн кылымдын 90-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан.

21 жыл мурда Сребреницада босниялык сербдердин армиясы Сараевону курчоого алып, сегиз миңдей адамды бир нече күндө жок кылган. Каражич ошол тапта Босния-Серб республикасы деп атап алган өзүнчө аймактын башчысы катары армияны жетектеп турган.

Мурдагы психиатр жана өзүн акын атаган 70 жаштагы Каражич Югославия ич ара бөлүнгөн кезде бийликке келген.

Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң ырайымсыз кыргын деп таанылган.

XS
SM
MD
LG