Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Кадырбеков: "Кумтөр Голд Компаниден" 3 млрд. доллар өндүрсө болот


Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Кыргызстандын соту чыгарган чечимге каршы арбитраждык сотко кайрыла албай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-майда "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып айтты.

«Эгерде биз «Кумтөр Голд Компанини» Жогорку соттон утуп алсак, алар 3 миллиард долларды айласы жок берет. 2009-жылкы келишимде «Экология боюнча Кыргызстандын мыйзамдарын так аткарууга милдеттүү» деп жазылган. Ошондуктан алар Кыргызстандын сотторунун чечимин арбитраждык сотко бере албайт».

Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, 7-майда "Кумтөр Голд Компани" ишканасын 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирген. Мындан сырткары канадалык компания 1 миллиард 300 миллион сом мамлекеттик алым төлөп бериши керек.

Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Соттун мындай чечиминин алдында "Кумтөр Голд Компани" билдирүү таратып, кенге байланыштуу соңку иш-аракеттерге тынсызданып жатканын белгилеген. Канадалык компания соттун чечими 2019-жылкы кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд" түзгөн келишимдин шарттарын буза турганын ишара кылып, Торонто ал документти кынтыксыз аткарып келатканын билдирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы ири алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG