Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-майда Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Шаардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы талаш-талкуу жаратып, башка партиялар аны жокко чыгарууну талап кылып келген эле. 

Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Ош шаардык кеңешине шайлоодогу бир катар мыйзам бузууларды тизмектеп берди. Анда мындай учурларга Ош аймактык шайлоо комиссиясы өз учурунда баа бербегенин да сынга алды.

Бекматов экинчи борбордо шайлоонун купуялуулугу сакталбай калганын белгилеп, буга байланыштуу бир катар мисалдарды келтирди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

“Шайлоонун купуялуулугун бузган мисалы №5284 шайлоо учаскасында бюллетендерди сүрөткө тарткан учурлар болду. №5310 шайлоо учаскасында да бюллетендерди сүрөткө тартып алган. №5312, №5325, №5281 шайлоо учаскаларында шайлоого тийешеси жок адамдар жүргөнүн көрүп жатабыз. Булар шайлоочулардын эркин ниетин билдирүүгө таасир этүүчү жагдайлар деп эсептеймин.”

БШК соңку жыйынында 27 добушканадагы жыйынтыктарды жокко чыгарды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса, анда кайра шайлоо дайындалат. Шаардык кеңешке шайлоодо Ошто жалпы 78 добушкана иштеген.

Мыйзам бузган партияларды шайлоого катыштырбоо талабы...

11-апрелдеги шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: "Ата-Журтум Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Ынтымак" жана "Ыйман-Нуру" партиялары болгон.

Шайлоодо “Улуттар-Биримдиги” саясий партиясын жетектеп барган Абдыжапар Аккулов БШКнын чечимин мыйзам ченемдүү көрүнүш деп сыпаттады.

Ал мындан ары таза шайлоо өткөрүү үчүн буга чейинки саясий жарышта адмнистративдик ресурс колдонгон жана добуш сатып алууга шектелген талапкерлер шайлоодон четтетилиши керек деп эсептейт. “Улуттар-Биримдиги” шайлоодо мандатка жеткенине карабай, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

“Кайсы бир саясий топтун же партиянын күнөөсү аныкталса кийинки шайлоого катышууга деле укугу болбош керек. Таза шайлоо өткөрөбүз деп жарыя кылышты. Бул жогорку кеңешке болгон шайлоо алдындагы даярдык болуш керек. Эң негизгиси эл шайлоо таза өтсө боло турганына ишениш керек”, - деди Аккулов.

“Ыйман-Нуру” саясий партиясынын түптөгөндөрдүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламент жыйынында Ош шаардык кеңеши үчүн шайлоо ыплас өттү деп сынга алган. Депутат күздө өтчү парламенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн адегенде шаардык кеңештеги добуш берүүнү жокко чыгарууну талап кылган болчу.

Айбек Осмонов
Айбек Осмонов

“Эми алдыда Жогорку Кеңешке шайлоо келатат. Өткөн шайлоо кандай ыплас өтсө Жогорку кеңешке андан 10 эсе ыплас болот. Ошону болтурбоо үчүн Ош-Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоону жокко чыгаргыла. Ошондо гана адилетүүлүк болот. Олигархтар акчасына ишенбей таза иштейли деп элге ишенип калат.”

Таза шайлоо өткөрүүгө болгон аракет...

11-апрелдеги шайлоого катышпай калган “Тилектештик” саясий партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаев БШКнын мындай чечими келерки шайлоодо жакшы жыйынтык бериши ыктымал деп эсептейт.

Ал шайлоолорду жокко чыгарууну бийликтин шайлоону таза өткөрүүгө карата кадамы деп баалады.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

“Өткөн Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жокко чыкканы, азыркы Оштогу шайлоонун жокко чыгып жатканы, азыркы бийликтин админресурсту жана добуш сатып алууга каршы болгон аракети. Мындан кийин добуш сатып алуу токтойт. Адмнистративдик ресурс болбойт деген ойдон алыс болушубуз керек. Бирок кайсы бир деңгээлде 50-60 пайызга азаят деп ойлойм”.

11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" 48,8%, "Улуттар Биримдиги" 18,0%, "Ыйман Нуру" 8,1%, "Ынтымак" 7.5% добуш алган. Бирок "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Улуу Журт", "Республика", "Бир Бол" жана "Бүтүн Кыргызстан" жыйынтыкка нааразы болуп, кайра шайлоо өткөрүү талабы менен президентке кайрылуу жолдошкон. "Шайлоо ыплас өттү" деген жүйө менен мэрияны мыйзам бузууга барган деп да сынга алышкан. Калаа мэри Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышкан.

Сарыбашев жана шаардык мэрия өз дарегине айтылгандарды четке каккан. Артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев турат деп айтылып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" да дооматтарды негизсиз деп билдирген. Ташиев маектеринин биринде мындай дооматтарды төгүндөп, партияга тиешеси жоктугун айткан.

Ал эми партиянын документтердеги лидери Айбек Маткеримов шайлоо таза өттү деп билдирген.

Айбек Маткеримов менен Камчыбек Ташиев
Айбек Маткеримов менен Камчыбек Ташиев

"Эми ар ким ар кандай ой айта берет экен да. Каттоого байланыштуу тиешелүү органдардан сураңыздар, Борбордук шайлоо комиссиясы бар, Юстиция министрлиги бар. Биздики туура эмес болсо, ошолор жооп беришсин. Ал эми партияга "Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар" деген сөз бул жөн гана куру доомат. Ооба, мен былтыр "Мекенчил" партиясы менен шайлоого барганым чын. Аны танбайм. Ал убакта бирге болчубуз, азыр Камчыбек Кыдыршаевичтин кайсы кызматта иштегенин билесиздер. Сүрөткө да ошол шайлоо учурунда түшкөм, анда менден башка да канча адамдар сүрөткө түшкөн. Бирок биз бул шайлоодо өз алдыбызча катыштык. Биздин партия эч кандай административдик ресурс колдонгон жок, эч кимдин таасирин да пайдаланган жок".

БШК Ош шаарындагы шайлоону жокко чыгарган чечимин президентке жөнөттү, өлкө башчы эми кайра шайлоонун датасын аныктайт.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер ат салышкан.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG