Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Казанда сот Ильназ Галявиевди эки айга камакка алды


Ильназ Галявиевдин бөгөт чарасы каралган сот отуруму. 12-май, 2021-жыл.
Ильназ Галявиевдин бөгөт чарасы каралган сот отуруму. 12-май, 2021-жыл.

Татарстандын Казан шаарында сот 12-майда мектепте 9 адамды өлтүрүүгө шек саналган Ильназ Галявиевди эки айга камакка алды. Ага эки же андан ашык кишини өлтүргөн деген айып тагылды. Мындай берене менен шектүү өмүр бою кесилиши мүмкүн.

Сот отурумунун жүрүшүндө Галявиев "өзүнүн иш-аракеттеринин акыйкаттыгына жана негиздүүлүгүнө толук ишенерин" айтып, оор илдет менен жабыркабай турганын жана камакка алынышына каршы эмес экенин билдирди. Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары 2020-жылы Ильназ Галявиев баш оору менен дарыгерлерге бир нече жолу кайрылганын жазган. Бул маалыматты Тергөө комитети ырастады.

11-майда эртең менен Казандагы №175 мектептин мурдагы окуучусу Ильназ Галявиев мектептин имаратына кирип барып, ок чыгарып колго жасалган затты жардырган. Андан жети окуучу жана эки мугалим каза болуп, 30дан ашуун адам жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG