Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Максаттагы видео: кол салуубу же коргонуубу?


Инфографика. Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы.

Апрелдин этегиндеги чек арадагы куралдуу жаңжалда тажик аскерлеринин Баткендин Максат айылына киргени тартылган видео тасма талкууга жем таштады.

Анын аныктыгын текшерген кыргызстандык иликтөөчү журналисттер тасманы “кол салган аракеттердин далили” катары баалашты. Жергиликтүү эксперттер “мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузган доомат артуу” катары кароону сунушташты.

Тажик эксперттери видеонун каяктан тартылганын аныктоо татаал экенин белгилеп, “кырдаалды жөнгө салууга барган атайын даярдыктагы аскерлер чек арадагы аскердик жаңжалга аралашууга үлгүргөн эмес” деп сыпатташты.

Эл аралык эксперттер бул чөлкөм эки жактан тең куралдуу күчтөргө эбак эле толгонун жана анын кооптуу чекке жеткенин эскертишет.

Айылды аралаган аскерлер

Жакында YouTube каналында “Менин эркин Тажикстаным” аттуу ырдын коштоосунда видео жүктөлгөн.

Анда заманбап үлгүдөгү курал көтөргөн, чопкутталган аскер күчтөрүн жана Тажикстандын желегин көрүүгө болот. Иликтөөчү журналисттер видео тасмадан аскерлер турган жер - Лейлектеги Максат айылы экенин таанышкан. Анткени видеодо “Максат айылы” деген жазуу даана көрүнөт. Ошондой эле, “Анарбай Ата” деген жазуусу бар май куйган бекет да турат.

Видеодо аскерлердин ортосундагы адам тажик милициясынын генералы Мухаммадзода Хуршед Изатулло экени аныкталган. Ал тасмада жанындагыларга тилкелерди көрсөтүп турганы тартылган. Тасманын аныктыгын иликтеген журналисттер тобу аны куралдуу жаңжал чыккан учурда тартылган деген тыянакка келишкен.

Социалдык тармакта мына ошондой аталыш менен ошол видео жүргөнүн байкап калдык. Анан аталган видео тасманын аныктыгын текшерүүгө өттүк. Жаңы эле эле жүктөлүптүр. Тартылган датасы боюнча мына ошол жаңжал күчөгөн учурга туура келет экен. Биз андагы “Максат айылы” деген жазууну көрүп, анын аныктыгын иликтей баштадык. Териштирсек, айылдын кире беришинде чынында эле ошондой жазуу бар болуп чыкты. Май куючу жайдын видео тасмасы менен ал жакта чынында эле объект бар экенин салыштырдык. Ошондой иштебей турган май куючу жай бар болуп чыкты. Ошентип биз аталган аскерлердин Кыргызстандын аталган аймагында тартылганын аныктадык. Ал жерде аскерлерге башчы болуп жүргөн адамдын сүрөттөрү аркылуу анын Тажикстандын Ички иштер министрлигинин генералы экенин расмий сайттары аркылуу тактадык”, - дейт “Политклиника” медиа тобунун жетекчиси Дилбар Алимова.

Тажик бийлиги бул талаштуу видео жана андагы генерал баштаган куралдуу топ тууралуу үн ката элек.

Тажикстандык эксперт Парвиз Муллажанов чек ара талашы курчуган маалда ага танапташ тилкелерге аскерлер тартылганын ырастап, бирок сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында абал тез арада жөнгө салынып, атайын күчтөрдүн кагылышка катышууга үлгүрбөгөнүн белгиледи.

Генералдын өзүнүн курган маегине караганда, 29-апрелде кечки саат 4 чамасында алар ал жакка барган маалда куралдуу чатак токтогон. Бул видео тасма тартылган жайдын мына ошол жерге караштуулугун так айтуу мен үчүн татаал. Бирок кандай болгон күндө дагы алар өздөрү ырастагандай, алар бул аракеттерге тартылган. Бирок алар 29-апрелде таңкы алтыда башталган аракеттерге катышканга үлгүргөн эмес. Алар ал жакка жылып барып, мына ошол видеону Кыргызстандын аймагында тарткан күндө деле, тажик аскерлери жетишилген макулдашууга ылайык, кийинки күнү эртең менен баары бир ал жактан чыгарылмак. Азыр эми эки тараптан тең ар кандай видео тасмалар чыгып жатат. Мисалы үчүн дагы бир видеодо ар кандай тилде сүйлөгөн адамдар аралашкан аракеттер тартылган. Ал тасмада бирде кыргызча, бирде тажикче, кээде өзбекче сүйлөгөн адамдарды көрүүгө болот. Эки тараптан тең күбөлөр айткандай, мисалы Кожо-Аълодогу тартылган бир нече видео тасмаларда алар “тигил жактан келип үйлөрдү кыйратып кетишти” деп айткандар бар”.

Генералдын маеги, Карнегинин анализи

Тажикстандык “Азия плюс” маалымат сайты 3-майда видео тасмага түшкөн генерал Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун маегин жарыялаган.

Анда ал кыргыз-тажик чек арасында “чабуул башталганда ага сокку урулганын” айтат. Ошондой эле тажик генералы Кожо-Аъло айылында алар тарапка кол салуу болгонун айтып, “биз коргондук, эгерде чабуул жасаганда курмандыктар көп болмок” деп билдирген.

Бул аскердик аракеттерге борбордон күчтөр тартылбаганын, аймактагы аскердик күчтөр гана жетишкенин айткан Изатулло “Альфа” атайын тобу кырдаал курчуганда Дүйшөмбүдөн эртең менен жолго чыгып, кечинде гана жетип келген деп түшүндүргөн. Ал ок атышууну токтотуу шартына ылайык, атайын күчтөр чек арадан чыгарын кошумчалаган.

Жакында 4-майда Москвадагы Карнеги борбору кыргыз-тажик чек ара чатагынын себептери жана кесепеттери тууралуу анализин жарыялады. Анда кырдаал бир заматта эле курчубаганы, тажик армиясы алгач Баткендин Көк-Таш аймагына жакын жерге чабуул коюп, анан андан 100 чакырым алыста турган Лейлектин айылдарын да аткылай баштаганы анализде баяндалган.

Карнегинин эксперттер тобунун видео далилдерге таянган тыянагы боюнча, тажик тарап окопторду казып, чек арага Т-72 үлгүсүндөгү танктарды алып келип, С-5 авиациялык ракетасы менен аткылаган Ми-24 аскердик учагын, чопкутталган БТР-70 транспортерлору менен РПГ-7 гранатометтору сыяктуу кубаттуу аскер куралдарын колдонгон.

Баяндамада Дүйшөмбү "алдын ала даярдыксыз мынчалык сандагы аскер күчтөрүн чек арага ушунчалык тездик менен тарта албайт болчу" деп белгиленген.

Анын автору Тeмур Умаров чек ара жаңжалы Кыргызстанда "мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде армиянын начар башкарылганын жана коррупциялашканын көргөздү" деп сыпаттайт.

Москвадагы аскердик жана саясий анализ институтунун жетекчисинин орун басары Александр Храмчихин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчуткан дагы бир жагдай катары чырга аскердик күчтөрдөн тышкары бейформал куралдуу түзүмдөр аралашканын белгиледи:

Ал жакта бейформал куралдуу түзүмдөрдүн ролу жогору. Чынында андайлар Кыргызстанда деле аз эмес. Бирок Тажикстанда алар көптүк кылат. Анан тараптар бири-бирине аймактык доомат арткан учурда аларга болгон муктаждык өсөт. Айрыкча чек аралар аныкталбаган, коммуникация аралаш өткөн жана жык анклавдардан турган чөлкөмгө ушундай курч тиреш мүнөздүү. Бул абдан оор маселе. Анан башка бир масштабда Тажикстан күчүн жетиштүү деп чечип, абалды курчутууга барган болушу мүмкүн”.

Буга чейин деле Фергана өрөөнүндө ар кандай чыр-чатактар чыкканда мурдагы талаа командирлери жана бейформал аскер түзүмдөрү аралашканы тууралуу ырасталбаган маалыматтар жарыяланып келген. Мисалы, 2000-жылы 17-майда Тажикстан Өзбекстан пайдаланып келген Фархад суу сактагычын талашып, аны бошотууга жүзгө чукул мурдагы жоочулар аралашканы ачыкка чыккан.

Тажик генералына козголгон кылмыш иши

Ошентип социалдык медиада кызуу талкууга жем таштаган видеого кыргыз бийлиги да көңүл буруп, чек арада кол баштаган тажик милициясынын генералы Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине баа берилерин билдирди.

Тактап айтсак, генерал Изатуллого Кыргызстандын Жазык кодексинин 380-беренесинин ("Тынчтыкка каршы кылмыш") негизинде сотко чейинки териштирүү башталганы кабарланды. Башкы прокуратура тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды.

Расмий маалыматтар боюнча 49 жаштагы генерал Мухаммадзода Хуршед Изатулло 2015-жылдан бери Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы бөлүктөрүнүн башкармалыгын жетектейт.

Тажик генералы башында турган атайын аскер техникасы менен жабдылган аскердик күчтөр менен Кыргызстандын Максат айылында турган видео социалдык тармактарга 8-майда тараган.

Эксперттер эмне дейт?

Тажикстандын илимдер академиясынын кызматкери, саясат таануучу Шерали Ризоен Дүйшөнбүнүн чечкиндүү аракеттерге барышына кыргыз тараптын чагымчыл аракеттери негиз болду дейт:

Эгерде соңку кырдаал эмнеден улам жаралды деген суроону талдай турган болсок, анда буга чейинки, тагыраагы 29-апрелге чейинки чек ара тилкелериндеги абалды кенен карап, анда чыккан чырлардын себептерин дагы кошо карашабыз керек. Себеби, быйыл февраль айынын башынан баштап эле биздин жамааттарга басым деп айткыдай, бир катар окуялар орун алган. Кыргызстан былтыркы башаламандыктарга катышкан деген негизде Ворухта жашаган 25 жаранга иш козгоп, эл аралык издөө жарыялаган. 1-3-апрелде Тажикстандын аймагына жакын жерде масштабдуу аскердик машыгуулар болуп өттү. 26-мартта болсо Кыргызстандын УКМК төрагасы К. Ташиев Ворух маселесине байланыштуу, анан экинчиси Тажикстан үчүн маанилүү болгон “Кожо Бакырган” (Козу-Баглан) дарыясынын нугуна дамба курабыз деп айтып чыккан. Бул жерде эми азыр бир жактуу эле айыптоо жүрүп жатат. Конфликтология боюнча кандайдыр бир чыр-чатак болсо, ага бир эле тарап күнөөлүү болбойт. Анда сөзсүз эки тарап тең кайсы бир деңгээлде кемчилик кетирет. Болуп өткөн окуя кайталанбашы үчүн аны болтурбоонун алдын алуу керек”, – деди Шерали Ризоен.

Аймактык доомат аныктамасы

Ал эми кыргызстандык дипломат Бактыгүл Каламбекова кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяны эки тараптын чек ара чатагы эмес, куралдуу кол салуу менен коштолгон “аймактык доомат” катары аныктама берүүнү сунуштады:

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

"Биз бул маселени чек ара маселеси деп туура эмес атайбыз. Тажик тарап чек ара маселеси деп атабайт. Алар үчүн чек ара маселеси жок. Алар үчүн территория бар. Территорияга талап бар. “Бул аймак биздики” деп ошол үчүн кирип келип жатат. Биздин көйгөй бул - эки тараптын бир маселени эки башкача түшүнүп, эки бөлөк кабыл алып жатканында. Ошондуктан биз орток пикирге келе албай жатабыз. Ал эми жанагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы сыяктуу маселелер буга түрткү берип жаткан жөн эле шылтоолор. Бул маселенин түпкүрүндө башка нерсе жатат”, – деген оюн билдирди дипломат Бактыгүл Каламбекова.

Тажикстандык эксперт Парвиз Муллажанов кыргыз-тажик чек арасы чийилип, толук аныктала электигине байланыштуу талаштуу тилкелер боюнча маселе бар экенин айтты. Бирок ал аны тажик тараптын Кыргызстанга карата аймактык дооматы катары кабыл алууга болбой турганына токтолду.

Ал жакта чырдын негизи себептери катары жер жана суу ресурстарынын жетишсиздиги тууралуу айтылган. Тажик өкмөтү расмий түрдө, Кыргызстанга карата кандайдыр бир жер дооматын эч качан койгон эмес. Азыр эми белгилүү бир жеке адамдар тарабынан ошондой сөздөр айтылып жатат. Буга чейин алдын ала эч ким кандайдыр бир жер дооматын көтөргөн эмес. Бирок мында бир көйгөйлүү маселе. Кандайдыр бир жер тилкелери такталбагандыктан, алар иш жүзүндө талаштуу бойдон калган. Айрыкча Ворухтун айланасындагы жерлер боюнча. Анан дагы буга кошумча, Тажикстан тараптан Ворухка эркин каттоону камсыздоо маселеси турат”.

Ворух демекчи, Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин анклавды алмашуу аркылуу же анын аймагын чектөө менен чек ара көйгөйүн чечүү сунушуна жооп кылып, "Фейсбук" аркылуу кайрылуу жазган. Анда ал Ворухтун анклав экенин четке каккан.

Хамрохон Зарифи Кыргызстандын Баткен облусунун жарымы Тажикстандын аймагы болгонун айткан жайы бар.

Көп өтпөй тажик президенти Эмомали Рахмон алдын ала шардана кылып, атайын Ворух анклавына иш-сапар менен келип, жергиликтүү актив менен жолуккан учурда "ал жер эч качан алмашылбай турганын" айтканы тууралуу кабарлар чыккан.

Илимий аныктамада аймактык доомат бир мамлекеттин экинчи бир мамлекеттин кайсы бир аймагына көз артып, доомат коюп, ага өзүнүн юрисдикциясын орнотуу максаты катары көрсөтүлгөн. Аны чечүү жолу кадимки чек ара сызыгын аныктоого караганда бир топ машакаттуу жана оор экени боюнча дүйнөдө бир катар мисалдар бар.

"Чек ара аймагына куралдуу күчтөр толтурулган"

Лондондогу падышалык коллеждин улук илимий кызматкери, аймактык коопсуздук маселесине адистешкен Анна Матвеева кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көп жылдан бери байкоо салып жүрөт. Анна Матвеева куралдуу чек ара чатагында тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагына киргенин чагылдырган видео тасма тууралуу мындай деди:

Тажик аскерлеринин Максат айылында жүргөнүн айткан күбөлөр, көргөндөр дагы болушу мүмкүн. Ошол эле кезде кыргыз аскерлери дагы чек ара сызыгы жалгашкан тилкелерде жүргөнү байкалган болушу толук ыктымал. Азыр эми албетте, мындай шартта ким биринчи бузуп өттү деген бирине-бири карама-каршы келген маалыматтардын иш жүзүндө кандай болгонун 100 пайыз так аныктай албайбыз. Менин көз карашым боюнча, мунун бардыгынын саясий мааниси баары бир эки ача чыгат. Биринчиден, буга чейин эле чек ара сызыгы тактала элек жана талаштуу болуп жаткан бул жерлер аскер күчтөрү, аскер техникасы жана курал-жарактар менен эбак эле толтурулган. Алар бир учурда кадимки согуштагыдай позицияларды ээлеп, бири-бирине каршы турууга ыңгайланышып алган. Бул абдан кооптуу”.

Ошол эле кезде изилдөөчү эки тараптын ири куралдуу салгылашына алып келген чек ара талашын чечүү үчүн аскер күчүн колдонуудан баш тартуу жана чек араны тактоодо эки жакка тең ыңгайлуу усулдарды колдонууну сунуштайт.

Анна Матвеева чек арадагы кандуу окуяны тараптардын чагымга жана күчкө басым жасаган саясатынын кесепети болгонун белгиледи:

Менин көз карашымда бул чатак калк жыш отурукташкан бул жерлерде реалдуу чек араларды бардыгына ылайык келгендей кылып, алып өтүүгө мүмкүн болбогондон улам чыкты. Кыргызстандын жаңы бийлиги Жапаров менен Ташиев чек ара маселелерин чечүүнү өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары койду. Мына ошого карата чоң саясий максат болду. Ташиев мырзанын “Ворухту алмаштырабыз” деп айтканы тажик тараптан абдан чагымчыл аракет катары кабыл алынды. Кыргыз-тажик чек арасы шарттуу түрдө болчу. Анан аймактык дооматтар тууралуу. Албетте, чек аралар аныктала элек учурда мындай талаштын чыгышы табигый нерсе. Анан ар бир тарап ар кайсы учурдагы карталарды карманып, жүйө келтиришүүдө. Анан иш жүзүндө чек ара сызыгын тактап, чийип чыгыш үчүн кимдир бирөөлөрдү кайсы бир жерлерден көчүрүүгө туура келет. Эки жактын калкы тең көчкүсү келбейт жана ага катуу каршы чыгып турат”, – дейт Анна Матвеева.

"Ниет бузулса, шылтоо табылат"

Чек аранын кайсы бир тилкесинде буга чейин эки тараптын ортосунда маал-маалы менен майда чыр-чатактар чыгып, таш ыргытышып, кээде курал колдонууга чейин жеткен учурлар болгон. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов чек арадагы куралдуу кагылышты "аскердик кол салуу" деп сыпаттады.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Алдын ала даярдалган аскердик операция жасалды. Буга окопторду казып, атайын аскер бөлүктөрүн жана оор аскердик техниканы чек арага алып барып, ал жерде аскердик тик учактарды колдонуу сыяктуу аракеттер жүргөнүн айтсак болот. Ал эми ага эмне шылтоо болгон? Баарына түшүнүктүү чек ара аныкталып, бүтө элек болгондон кийин, жайытарды талаш, жер талаш, суу талаш бар. Мында ошондой ниет, ошондой каалоо болсо эле, шылтоо табылат. Ошонун негизинде бүгүн бул окуянын аныктамасын ачык-айкын айтуу керек. Кыргыз тарапка аскердик кол салуу болду”.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы чек ара жаңжалы боюнча кылмыш иштерин козгоп, буга кыргыз аскерлерин кинелеп, коңшусун “агрессор” деп айыптады. Буга жооп кылып Кыргызстандын Башкы прокуратурасы да мамлекеттин "аймактык бүтүндүгүнө жана тынчтыгына шек келтирген кол салуу" болгонун белгилеп, оор кылмыш белгилери боюнча иш козголгонун жарыялап, териштирүүнү баштаган.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши каза таап, 180ден ашуун адам жараат алды.

Ал эми тажик тараптан 19 адам мерт болуп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

Кыргызстандын Баткен облусунда 78 турак үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Тажикстандын Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган, калганы такталып бүтө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG