Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Жапаров Токаев менен кызматташтыкты жана кыргыз-тажик чек ара окуясын талкуулады

Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров.
Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 13-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелери менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты жана “Кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларды талкуулашты. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бурганы, кайрат айтып колдоо көрсөткөнү жана Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди”.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (RK)

​
XS
SM
MD
LG