Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жапаров: "Центерра" 45 күндө сүйлөшүү башталбаса сотко кайрыларын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кумтөрдөгү алтын кенин иштетип жаткан канадалык инвестор – “Центерра” компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө шарт коюп, 45 күндүк мөөнөт берди. Бул тууралуу 12-майда “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, “Центерра” Кыргызстанга кат жөнөтүп, “Кумтөр Голддун” тегерегиндеги соңку окуяларга байланыштуу сүйлөшүү баштоого чакырды жана бул үчүн июндун ортосуна чейин убакыт берерин билдирди:

““45 күн ичинде сүйлөшүүгө барбасаңар анда биз арбитраждык сотко барабыз, Анткени 2009-жылы, 2017-жылы жана 2019-жылы кыргыз өкмөтү бизди коргой турганын айтып ант берген, кол коюп берген. Силер, кыргыз өкмөтү ошону буздуңар” деп жатат”.

Жапаров “Центерранын” да Кыргызстандын алдында убадасы бар экенин, 2009-жылдагы келишимде ал салык жана экология боюнча талаш-тартыш чыкса Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык караларына макул болгонун эскертти жана кыргыз тарап да эл аралык сотко даярданып жатканын, “балким сотко алардан биринчи кайрыларын”, утууга аракет кыларын, болбосо сүйлөшүү жолу бар экенин кошумчалады.

Комиссиянын 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга 4,2 млрд доллар төлөөгө милдеттүү экени, 106 тонна алтын өлкөгө кайтарылары айтылды.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG