Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Чаткал: Алтын кениндеги 100 млн сомдук зыян боюнча маселе сотто каралды


Чаткал.
Чаткал.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Чаткалдагы “Чаарат Заав” алтын кен компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузулгандыктан экологияга 100 миллион сомдук зыян келтирилгенин айтып чыкты.

Мекеменин сайтына 12-майда жарыяланган маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, “Кадастр” мамлекеттик ишканасы бул компанияга 726 гектар жер тилкесин пайдаланууга убактылуу күбөлүктү айыл чарба жоготуулары төлөнбөгөнүнө карабастан бергенин жана кийин бул төлөмдүн суммасы 4,6 миллион сом деп эсептеп чыкканын аныктаган. Ал эми Экотехинспекция айыл чарба жоготууларынын жана колдон чыгарылган кирешенин реалдуу суммасы 113 миллион сом экенин аныктап чыккан.

Бул сумманы “Чаарат Заавдан” жана “Кадастар” ишканасынын Чаткалдагы башкармалыгынан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын орду өз маалында толтурулбаганы үчүн өндүрүү талабы менен облустук прокуратура сотко кайрылган.

Чаткал райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, алардан 103 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарганын Башкы прокуратура билдирди.

“Чаарат Заав” компаниясы бул билдирүүгө байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарына комментарий берип, “Сөз болуп жаткан тилкеде эч кандай иш жасалган эмес жана талаштуу маселе чечилмейинче жасалбайт. Жерди трансформациялоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүдө. Сот жер берүү фактысы эмес, кенемтенин суммасына гана байланыштуу. Териштирүү дале уланууда” деп билдирди.

Чаарат кенинде алтындын аныкталган көлөмү 91 тоннаны түзөт. Ал жерде иштеген «Чаарат Заав» ишканасы 2002-жылы түзүлгөн. Ишкананын акцияларынын 100% британиялык Chaarat Gold Holdings Ltd. холдинги ээлик кылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG