Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Коронавирустан бир күндө алты киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен алты бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1681 адамга жетти.

Акыркы суткада 329 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (205) жана Чүйдө (75) катталды. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 99 645 адамга жетти.

Бир күндө 309 адам сакайып чыкты. Учурда 1750 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 82 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 50 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Кечээ, 12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөш үчүн 20 миллион доллар берерин билдирген. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат. (MiK)

XS
SM
MD
LG