Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Кыргыз-өзбек чек арасында бир адам сабалганы кабарланды


Кыргы-өзбек чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргы-өзбек чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары арасында чыр чыгып, бир кыргызстандык сабалганын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдоодо.

Окуя 13-майда түшкө маал Баткен районунун Сай айылынын Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы менен чектешкен жеринде болду.

Расмий бийлик өкүлдөрү бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Өзбекстандан да расмий маалымат айтыла элек.

Эки тараптын чек арачылары окуя болгон жерде сүйлөшүп жатышканы, 30-40тай адам топтолуп турганы маалым болду.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан кийин дагы 10 процентке жакыны такталганын өкмөт быйыл 17-февралда билдирген.

24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, калган тилкелер боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканы маалым болгон.

Чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканы быйыл 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев айткан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG