Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

14-майдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

14-майда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке маал бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 23…25 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG