Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Быйыл "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктары 1335 энеге ыйгарылды


Кыргызстанда көп балалуу энелерге кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлду. Президенттин басма сөз кызматы 12-майда кабарлагандай, мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне “Баатыр эне” ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.

Бир жыл мурда «Баатыр эне» ордени 1014 энеге, «Эне даңкы» медалы 519 энеге ыйгарылган.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG