Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Украинада орусиячыл саясатчы Медведчук үй камагына алынды


Виктор Медведчук.
Виктор Медведчук.

Киев шаардык соту 13-майда Украинанын депутаты, "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" партиясынын лидери Виктор Медведчукту 9-июлга чейин үй камагына алды.

Медведчук жана Жогорку Раданын дагы бир депутаты Тарас Козак "Мамлекеттик чыккынчылык" беренесине шек саналып жатат. Аларга Крым жарым аралындагы улуттук байлыктарды тоноо, "Украинанын кен байлыктарына байланыштуу баалуу документтерди берүү" жана "Крымды башка өлкөнүн аймагынын бөлүгү катары таануу" сыяктуу айыптар тагылууда.

Тергөө Медведчук менен Козактын аракеттери Украинага кеминде 3 миллиард гривен зыян келтирди деп эсептейт.

Башкы прокуратурада сурак берген Виктор Медведчук эч нерсени жашырбай турганын жана козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук экенин айтты. Укук коргоо органдары бул иш боюнча дагы бир айыпталуучу Тарас Козак Орусияда экенин билдирди.

Виктор Медведчук Украинадагы орусиячыл саясатчылардын бири. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси жакшы саясатчы катары белгилүү.

Буга чейин Украинанын Коргоо жана коопсуздук кеңеши Виктор Медведчукка таандык "112 Украина", NewsOne, ZIK телеканалдарына беш жылдык санкция киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG