Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Дональд Лу: Кыргыз эли демократияга ишенет


Элчи Дональд Лу "Азаттыктын" кеңсесинде, 14-нобярь, 2018-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысына дайындоо ниетин жарыялады. Жакын арада элчи кыргыз жергесиндеги кызматын аяктап, мекенине сапар алганы турат. Анын алдында ал "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берди.

- Элчи мырза, жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Сиз 2018-жылы, Бишкекке келгенден кийин бизге интервью берип, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жаңы кызматташтык келишими болот деп үмүттөнүп жатканыңызды айттыңыз эле. Андан бери Кыргызстанда жаңы президент шайланды. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюуда жылыш барбы?

- Алгач алты жыл ушундай кооз өлкөдө иштегеним мен үчүн чоң сыймык экенин айта кетейин. Кыргызстан кең пейил, меймандос эли жана укмуштуудай кооз табияты менен таанымал эмеспи. Өткөн жылы башталган коронавирус пандемиясы баарыбызды кыйнады. Бирок кыргызстандыктар ушундай кыйын кезеңде өзүн жоготкон жок. Үй-бүлөсүн, досторун жана коңшуларын апааттан аман алып калуу үчүн биримдик менен иш алып барышты. Кыргызстандын эли күчтүү, сабырдуу жана боорукер экенине күбө болдук.

Мен аталган келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн көп жылдан бери эмгектенип келген адистерди абдан сыйлайм. Биз техникалык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алдык. Эми келишимге кол коюу үчүн Бишкек менен Вашингтондун саясий эрки гана керек. Эки тарапта тең саясий эрк бар экенин көрүп турам.

- Сиз 2005-жылдын март айында мурдагы президент Акаев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон "Жоогазын” революциясы маалында Кыргызстанда элеңиз. 2020-жылдын октябрь айында адилетсиз шайлоого, тамырлашкан коррупцияга каршы элдик толкундоого дагы бир жолу күбө болдуңуз. Аскар Акаев 2005-жылдагы март окуяларын “Америка уюштурган" деп кайталаганды жакшы көрөт. Кыргызстандагы ыңкылаптар менен АКШнын ортосунда кандайдыр бир байланыш барбы?

- 2005-жылдагы март жана 2020-жылдагы октябрь революциялары - президент Акаевдин, президент Жээнбековдун коррупция жана манипуляция жолу менен өздөрүнө эбегейсиз бийликти ээлеп алууга аракет кылганына элдин жообу болгон. Кыргызстандын эли бийликке ач кенедей жабышкан президенттерге чыдай албайт.

Бул революциялар чет мамлекеттердин ойлоп тапкан оюну болгон эмес. Алар Вашингтондун, Москванын же Бээжиндин кылган аракеттеринен келип чыккан жок. Алар кыргыз элинин коррупция, туура эмес башкаруу жана эбегейсиз бийлик кумарынан тажагандагы реакциясы болгон. Бул төңкөрүштөр бийликтеги жана болочок журт башчыларына эл алдында туура эмес иштери үчүн эртедир-кечтир жооп берерин эскерткен белги болушу керек.

- Президент Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде АКШ Камчы Көлбаевге, Райымбек Матраимовго каршы олуттуу иш-аракеттерди көрүүгө үндөп, ошол эле учурда коррупцияга айыпталган Аскарбек Шадиев сыяктуу башка аткаминерлерге Америкада бейкапар жашоого уруксат берип «кош стандарттуу саясат» жүргүзүп жатканын айткан. АКШдан Көлбаев менен Матраимовдун кылмыштарын далилдеген документтерди жана фактыларды берүүнү сураган. Сизде ушундай документтер барбы?

- Бул суроону президент Жапаров менен талкуулоого мүмкүнчүлүк болду. Көлбаев жана Матраимов сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун лидерлерин жоопко тартуу үчүн биздин өкмөттөр болуп көрбөгөндөй тыгыз иштешип жатат. Булар кооптуу адамдар, бирок мен биздин өкмөттөр биргелешип иш алып барса, биз аларды кылмыштары үчүн жоопко тарта алабыз деп ишенем.

Ошондой эле биз АКШда жашаган кыргыз жарандарына байланыштуу өкмөттүн тынчсыздануусун да талкуулап жатабыз. 2019-жылы АКШ өкмөтү Максим Бакиев коррупциялык жол менен уурдаган 4,5 миллион долларды кайтарып берген. Бул АКШда мүлкү болушу ыктымал деген коррупционерлердин акча каражаттарын кыргыз элине кайтарып беришин камсыз кылуу үчүн кызматташууга олуттуу мамиле жасай турганыбыздын далили. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен уюшкан кылмыштуулук боюнча маалымат алмашууга жана кызматташууга даяр. Биз ушул кылмышкерлерге каршы чечкиндүү чараларды кубаттоону уланта беребиз.

- 2018-жылы сиз Кыргызстандын демократиялык келечегине абдан оптимисттик көз карашта болчусуз. Жаңы Конституция кабыл алынып, күчтүү президенттик бийлик кайтып келгенден кийин ал маанайдан кайткан жоксузбу? Же сизде кандайдыр бир кооптонуу барбы?

- Мен Кыргызстанга ар дайым оптимисттик көз карашта болгом. Азыр да ал оюман кайтпайм. Сиздерде акылдуу жаштардын калың катмары өсүп келе жатат. Түшүмдү мол берген талаалар, кооз көлдөр жана укмуштуудай тоолор курчаган өлкөдө жашайсыңар.

Кыргызстандын демократиясы күчтүү бойдон калат, анткени эли сөз жана ой эркиндигине ишенет. Алар күчтүү жарандык коомго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына таянат. Алар зулумдарга же диктаторлордун өзүм билемдигине жол бербейт.

Элчи Дональд Лунун 2018-жылдагы маеги:

- Апрелдин акыркы күндөрүндө кыргыз-тажик чек арасында эки тараптан ондогон адамдын өмүрү кыйылган, жүздөн ашуун киши жараат алган куралдуу кагылыш болду. Кыргыз тараптан 30дан ашуун жай тургун, анын ичинде балдар каза тапты. Эки өкмөт мындай аскердик чыр-чатактын алдын алып, чек ара талаштарын дипломатиялык, тынчтык жолу менен чечсе болобу? Бул үчүн ким жоопкерчиликти сезип, сабак алышы керек?

- Бишкекте жашаган алты жыл аралыгында бир нече майда чыр-чатактарды көрдүм. Соңкусу эң жаман окуя болуп калды. Америка Кошмо Штаттары бул чек ара талашын эки өлкө түз сүйлөшүү менен чечишин колдойт. Биз бул жаңжалдан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярбыз жана эки тараптын өкмөттөрүн ушул чыр-чатакка жеткирген чыңалууну азайтууга үндөйбүз. Кыргызстан менен Тажикстан миңдеген жылдардан бери канаатташ жашаган коңшулар. Жалпы тарыхы бар жана экөө тең көп улуттуу өлкө. Андыктан бул талашты мамлекет башчылар ийри отуруп, түз кеңешип тынчтык жолу менен гана чечет деп ишенем.

- Борбор Азия өлкөлөрүн өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн жай тургундарга каршы ок атпоого, снаряд менен аткылабоого же аскердик тик учактарды колдонбоого көндүрүү үчүн АКШ же башка эл аралык өнөктөштөр эмне кыла алат? Деги эле чек араларда ок атышууну кантип толук токтотсо болот?

- Чек аранын эки тарабында тең каза болгондордун же жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул жаңжалды чет өлкөлүктөр баштаган эмес жана талашты чечүүдө чет элдиктердин ролу чектелиши керек. Адам өмүрү кыйылганы өкүнүчтүү, бирок мен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери, УКМКнын башчылары жана президенттери жаңжалды токтотууга, эки тараптын тирешүүсүн азайтууга тез аракет көргөнүн белгилеп кетким келет. Бул коркунучтуу трагедия болду, бирок эки тараптан тең жакшы дипломатия иштебесе, кырдаал тескери нукта өнүгүп кетиши ыктымал эле.

- Коррупцияга, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана бюджеттин акчасын өөнөп алууга айыпталган адамдар, мурдагы жогорку чиновниктер мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн кайсы бир өлчөмдө акча төлөп, камактан бошотулуп, акталып жаткан шартта кыргыз өкмөтүнүн коррупцияга каршы күрөшүн кандай баалайсыз?

- Бул укук коргоо органдарынын адаттан тыш модели. Бул фондго орчундуу көлөмдөгү акча төлөөгө милдеттендирилген адамдардын арасында Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Көлбаев жана Райымбек Матраимов бар. Мага Бабанов мырзанын кандайдыр бир кылмыш жасаганы же жасабаганы белгисиз. Бирок Бабанов өз ыктыяры менен өкмөттүк фондго акча төлөөгө макул болгон күнү УКМК ага каршы тергөөнү токтотууну чечти. Экинчи жагынан, Көлбаев мырза адам өлтүргөн деп соттолгон жана АКШ аны ири баңги зат сатуучу деп тапкан. Ал ушул оор кылмыш иштерин улантып жатса, анда ага айып пул салуу орунсуз жана жетишсиз. Матраимов мырзаны маалымат каражаттары 700 миллион долларды адалдаганы үчүн айыптап жатышат. Эгер чын болсо, ал фондго төлөгөн каражат - анын кыргыз элинен уурдап алганынын аз гана бөлүгү.

Өкмөттүн кылмышкерлерге айып пул салууну көздөп жатканына каршы эмесмин. Болгону кылмышкерлерге өз эркиндиги үчүн акча төлөөгө мүмкүнчүлүк берген мындай схема уюшкан топтун лидерлерине эркиндикке чыккандан кийин дагы кылмыш иштерин улантууга жол ачышы мүмкүн деп тынчсызданам. Байлык топтоп алган кылмышкерлерге жасалган мындай мамиле башкаларга «эгерде төлөй турган акчасы бар болсо, анда жасаган иши үчүн олуттуу жазага тартылбайт» деген сигнал берет. Бул адилеттикке жатпайт.

- Ошол эле учурда, "Eurasianet” агенттиги жазгандай, айрым "морт иштер" боюнча Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) президенти Эндрю Качинс сыяктуу адамдарды суракка чакырып, камакка алуу өңдүү аракеттер болду. Студенттер, мугалимдер жана эксперттер профессор Качинсти колдой турганын билдиришип, бул бир тарапка тарткан иш экендигин айтышкан. Бул иш чындап эле АКШда өндүрүлгөн, курамында айрым баңги заттардын элементтери бар дары-дармектерге байланыштуубу? Же бул ишке дагы башка жагдайлардын тиешеси барбы?

- АКШдагы жеке купуялыкты коргогон мыйзамдар боюнча мен америкалык жаранга байланыштуу жүрүп жаткан тергөө иштери тууралуу комментарий бере албайм. Доктор Качинс менен иштешкенимди гана айта алам. Акыркы эки жылдагы ишимден улам Качинсти кадыр-барктуу, мыйзамга баш ийген жана кесипкөй адис катары билем. Ал БАУУдагы бардык кесиптештери менен Кыргызстандын, Борбор Азиянын, Ооганстандын жана чөлкөмдүн студенттерине колдон келишинче мыкты билим берүү үчүн талыкпай эмгектенип келет.

- АКШ аскер кызматкерлерин жана күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кете баштады. Президент Байден быйыл бардык америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кетерин билдирген. Айрым кабарларда АКШ бийлиги Казастандын жана Өзбекстандын аткаминерлери менен аскердик бөлүктөрдү, техниканы көчүрүп келүү жөнүндө сүйлөшүп жатканы айтылат. Кыргызстанды дагы вариант катары кароого болобу же кандайдыр бир тоскоолдуктар барбы?

- Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен Ооганстандагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатында кантип тыгыз кызматташса болорун сүйлөшүп жатат. Анын ичинде соода, энергетикалык кызматташтык, студенттерди алмашуу жана терроризмге каршы күрөш боюнча талкуулар жүрүүдө. Кыргызстанда эч ким аскерлерди жайгаштырууну сунуш кылбаса да, биз аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн башка жолдор менен кызматташсак болоруна ишенем.

- Ооганстанда кырдаал тынч эмес, «Талибандын» жоочулары жаңы райондорду, суу сактагычты басып алып, кол салууларды күчөтүүдө. Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн эмне кылуу керек? Бул жерде согуш жөнүндө гана эмес, терроризм, радикализм, экстремизм коркунучтары жөнүндө да сөз болууда.

- Ооганстан, Ирак же Сириядан келген коркунучтар жөнүндө сөз болгондо алар көбүнчө бул коркунучтарга каршы туруу үчүн мыкты аскердик даярдык, жабдуулар жана чалгындоо тууралуу ойлонушат. Радикализм менен экстремизм көйгөйлөрү күч колдонуу менен гана чечилбейт. Экстремизмдин тамырын терең түшүнүш керек. Буга жакырчылык себеппи же эмгек миграциясыбы? Балким бул чет элдик радикалдуу диний машыгуулардан улам болуп жатабы? Же адамдардын өз динибизди кармана албай калдык деген таарыныч сезиминен уламбы? Экстремизмдин төркүнүнө түшүнгөндөн кийин, анын жайылышына каршы чогуу-чаран натыйжалуу иш алып барсак болот.

Кыргызстанда жарандык коом жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет Ирак менен Сирияда согушкан борбор азиялыктардын үй-бүлө мүчөлөрүн кантип коомго аралаштыруу тууралуу аймактык диалогду баштады. Жаштардын радикалдашуусунун алдын алуу өтө маанилүү.

- Аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кайсы бир деңгээлде басма сөз эркиндиги бар. Сиз биз менен биринчи маегиңизде муну чоң жетишкендик катары белгилеп кеттиңиз эле. Азыр кырдаал кандай жана жаңы Конституцияга байланыштуу бул багытта кандай божомолдор бар?

- Мен кыргыз маалымат каражаттарын алган сыйлыктарынын саны боюнча эмес, өзүм окуган журналисттик материалдардын сапаты жагынан баалайм. Кыргыз маалымат каражаттары, анын ичинде социалдык тармактар эркин жана ачык бойдон калууда. Анда бийликти жана оппозицияны эркин сындап келишет. Алар уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары менен коррупционерлердин байлыгы жана кылмыштуу иштери жөнүндө тайманбай жазышат.

Маалымат каражаттарында COVID-19 жана жакырчылыктан жапа чеккендердин абалы чагылдырылат. Бул Борбор Азиядагы эң эркин медиа айдың экени талашсыз. Кыргызстандын эли сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарынын эркиндигин талап кылат. Мен бул жагдай эч качан өзгөрбөйт деп эсептейм.

- Жаңы кыргыз өкмөтүнүн АКШ жана Батыштагы башка өнөктөштөрү менен кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча аракеттери же демилгелери барбы?

- Биз АКШ менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн бир нече жигердүү иштерди жүзөгө ашырып жатабыз. Биринчиден, COVID-19га каршы вакцинаны жайылтуу боюнча тыгыз кызматташып жатабыз. USAID Кыргызстандагы вакциналарды жеткирүү өнөктүгүнө көмөктөшүү үчүн 1 миллион доллар бөлүүдө.

Мындан тышкары АКШ бул айда "AstraZeneca" вакцинасынын 420 миң дозасын жеткире турган COVAX долбоорунун ири донору. Кыргыз өкмөтү БУУну, Европа Биримдигин жана АКШны конституциялык реформаны жүзөгө ашыруу багытында жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтүүгө чакырды. Кыргыз өкмөтү жай айларында Вашингтондо жогорку деңгээлдеги эки тараптуу консультацияларды өткөрүүгө макул болот деп ишенебиз.

Бул жерде кандай өзгөрүүлөр, кандай жылыштар болуп жатканын өз көзүм менен көрүү үчүн Кыргызстанга кайтып келүүнү чыдамсыздык менен күтөм. Бардык кыргызстандык досторумду Вашингтонго конокко чакырам! Көрүшкөнчө.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG