Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:10

Чек арадагы түбү көрүнбөгөн аткезчилик


Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Баткендеги аткезчилик маселеси парламентте көтөрүлүп, эл арасында бул мыйзамсыз көрүнүштү тыюу талабы жаңырууда. Адистер күйүүчү май жана башка товар аткезчилигин чек ара тактала элек аймактарда токтотууга мүмкүн эместигин билдиришүүдө.

Энергетика министрлиги мунайзаттарды сыртка сатууга тыюу салынганын белгилеп, күйүүчү май аткезчилиги жоктугун билдирди.

Алмаштырылмай болгон унаалар

11-майда Баткен облусуна кире бериш жерде Тажикстанга таандык үч жүк ташуучу унааны "элдик кошуундун мүчөлөрүбүз" деген адамдар токтоткон. Мунун айынан ыктыярчылар менен орган кызматкерлери ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Мындан кийин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Тажикстанга таандык унаалар чек арадагы окуялардан улам коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турганын билдирген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустагы өкүлү Сабыр Апсаматов жүк ташуучу автоунаалар облустагы атайын айып короого киргизилгенин айтты.

"Тажик жарандарына таандык унааларды Оштогу кесиптештерибиз Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылына чейин коштоп келишкен. Ошол жерден өткөрүп алдык. Биз текшерүү максатында Баткен шаарындагы айып короого киргиздик. Ага чейин эл арасында түшүнбөстүк, ызы-чуу чыгып кетти".

Милициянын маалыматында жүк ташуучу машинелерде Орусиядан жиберилген күнүмдүк колдонулуучу товарлар болгон. Унаалар ушу тапта Тажикстанда кармалып турган кыргызстандык жарандарга тиешелүү жүк ташуучу автоунааларга алмаштырыла турганы айтылды.

Аткезчиликти элдик кошуун токтото алабы?

29-30-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы аткезчиликти токтотуу талабы күчөдү.

Ал үчүн жергиликтүү активисттерден атайын элдик кошуун түзүлүп, чек арадан товар алып өтүү көзөмөлгө алынган. Демилгечилердин бири Жунусбек Каразаков "Азаттыкка" буларды айтты:

Жунусбек Каразаков.
Жунусбек Каразаков.

"Тажикстанга күйүүчү майды, цементти, андан кийин башка товарларды мыйзамсыз жол менен алып кирүүнү токтотууну талап кылабыз. Өзүбүз өстүргөн өрүк менен күрүчтүн бир килограммын да өткөрбөйбүз деп чечтик. Анткени, алар биздин өрүк менен күрүчтү өздөрүнүн бренди менен кайра эле биздин аймак аркылуу Орусия, Казакстанга сатышат. Мындан тышкары тажикстандык мандикерлерди иштетпөөнү да талап кылып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аткезчиликти токтотуу - бул биздин чек аранын бүтүндүгүнө шек келтирип, тынч жаткан элди аткылаган тажик бийлигинин аракетине жооп".

Тажикстанга күйүүчү май аткезчилигин токтотуу талабы буга чейин да коюлган. Чек арадагы акыркы куралдуу жаңжалда Лейлек районунун Арка айылында 27 май куюучу бекет өрттөнгөн. Жергиликтүүлөр бул бекеттер аркылуу Тажикстанга күйүүчү май сатылып турганын айтып келет.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан Тажикстанга күйүүчү май экспорттобойт. Күйүүчү май Өзбекстанга, ал эми мазут Ооганстанга сатылат.

Жакындан тарта атайын токтом менен мунайзаттарын сыртка сатууга тыюу салынып, экспорт убактылуу токтогонун энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Бизден чыккан мунайзаттарын ЕАЭБдин сыртына чыгарып сатууга тыюу салынган. Анын негизинде учурда Өзбекстанга да, Тажикстанга да күйүүчү май сатылган жок. Ооганстанга мазут чыгышы мүмкүн, анткени мазут мунайзаттарына кирбейт экен. Ал эми Орусиядан алынып келинген күйүүчү майларды реэкспорттоого биздин укугубуз жок".

Контробандабы же реэкспортпу?

Баткендеги аткезчилик маселеси парламентте да көтөрүлүп, талкууланды. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жетекчиси, "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматов өкмөт өкүлүнө кайрылып, аткезчиликти тыюуну талап кылды.

Исхак Пирматов.
Исхак Пирматов.

"Силер контрабанда деп аткан күйүүчү майдын сатылышы - бул контрабанда эмес. Бул - реэкспорт. Сиздер айтып жаткан 25тен ашык май куюучу бекеттердин бардыгы салыгын төлөп келген, төлөйт. Орусиядан бажы төлөмдөрүсүз алып келген күйүүчү майды бул жерден салыгын төлөп, пистолет аркылуу тажиктерге сатып атышат. Ушундай жол менен мамлекеттик казынаны толтургандан көрө толтурбай эле коёлу. Баткендеги машиненин санына карап, күйүүчү майдын көлөмүн чектөө зарыл. Андай постту Кадамжайга эле койсок болот. Мурдагы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров былтыр так ушул жерден "Күйүүчү май контрабандасы токтоду, Кадамжайга пост койдук деген. Кана пост? Токтоткула деп эле айтып келе жатабыз. Тыянак жок".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат. Талаштуу тилкелердин дээрлик бардыгы калк жыш жайгашкан аймактар. Анда жашаган эки эл өз ара соода алакасын жүргүзүп келген.

Баткен шаары өлкөнүн борбору Бишкектен 800 чакырым, ал эми Лейлек району 1000 чакырым ыраак турат. Баткен шаары менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосу 15-20 чакырым, Лейлек району менен Тажикстанга караштуу Кожент шаарынын аралыгы 25 чакырым. Жергиликтүү эл буга чейин Тажикстандын шаарларынан соода кылып келген. Ал жактагы ооруканаларга дарыланганы баргандар да бар.

"Тактала элек чек арада аткезчилик токтобойт"

Агроөнөр жайды өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темир Ажикулов аткезчиликти токтотуу оңой эмес экенин билдирип, анын себептерине токтолду.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

"Чек арада делимитация, демаркация боло элек жерлер көп. Чоң-чоң фуралар кире албаганы менен майда-барат "Портер" сыяктуу унаалар кирип-чыгып, күнүмдүк керектүү товарларды ташый берет. Кулунду, Арка аймактарына Лейлек аркылуу азык-түлүк, товар жеткирүү деле оңой эмес. Ошондуктан, эл мурдагы соода алакасын жүргүзө берет. Ал эми күйүүчү май аткезчилигин токтотуу менимче оңойго турбайт. Азыр баа кымбаттап жаткан учурдан пайдаланып калууну көздөгөндөр да чыгат. Аткезчиликтин азгырыгы чоң".

Жергиликтүүлөр бажы терминалын куруп, бардык жүктөр ошол терминал аркылуу өтүшү керек деген талап коюшууда.

Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Саатбек Эгембердиев бийликтегилер аткезчиликти токтотууну чындап көздөсө, арга табыларын белгиледи.

Саатбек Эгембердиев.
Саатбек Эгембердиев.

"Бажы терминалы деген бар. Ал аркылуу бардык жүк ташуучу автоунаалар өтүп, андагы жүктүн көлөмүнөн мамлекетке салык төлөнөт. Терминалды мамлекет эле эмес, жеке ишкерлер деле курушу мүмкүн. Ага уруксат берүү керек. Бул жолго коюлса, аткезчилик өзү эле жоголот".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Тажикстанга негизинен мал-жандык, сүт, жумуртка өңдүү азык-түлүктөртөр, кайра иштетилген жарым фабрикаттар, жашылча-жемиш, жана кургатылган азыктарды сатат.

Ал эми күйүүчү май негизинен аткезчилик менен ташылгандыктан, жылына канча тонна өткөнү тууралуу расмий маалымат жок. Күйүүчү майдын аткезчилигине кыргызстандык жана тажикстандык аткаминерлердин, жогорку кызматтарда иштеген жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин тиешеси бардыгы мурдатан эле айтылып келген.

Тажикстандан Кыргызстанга негизинен курулуш материалдары, пахта, кездеме, алкоголдук ичимдиктер жана алкоголсуз суусундуктар, кийим-кечек жана башка нерселер алып келинет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG